Милиция айдоочуларды Төө-Ашуу менен Суусамырда сак болууга чакырууда

© Фото / Бакыт НусубалиевСуусамыр өрөөнү. Архив
Суусамыр өрөөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта аталган аймактарда кар жаап жатат. Айдоочуларга автоунаалар арасындагы аралыкты сактап, жолго дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып чыгуу сунушталды.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Күндүн көзү бузулганына байланыштуу айдоочулар Суусамыр өрөөнү менен Төө-Ашуудан өтүп жатып сак болушу керек. Мындай билдирүүнү Чүй облустук милициясынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы таратты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, ушу тапта аталган аймактарда кар жаап жатат.

"Мындан улам айдоочулар автоунаалар арасындагы аралыкты сактап, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып алганы оң. Бул аракеттер тыгын менен жол кырсыктарынын алдын алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет шейшемби жана шаршембиде күн сууктап, абанын температурасы төмөндөй турганын кабарлаган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0