Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келе турганын айтты

© REUTERS / Christopher PikeUFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык мушкер былтыр да Бишкек менен Ош шаарларына келип, кыргызстандык күйөрмандары менен жолугуп кеткен.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет. Бул туурасында ал кыргызстандык ишкер Тимур Файзиев менен Санкт-Петербургда жолукканда айткан.
Жолугушуу учурун ишкер өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Тимур Файзиев (@timurfayziev)

Спортчу Файзиевдин чакыруусун кабыл алып, бирок качан келерин так айткан эмес.

"Ооба, сөзсүз барам. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Былтыр да барып келгем, мында да барууга камынып жатам", — деди Нурмагомедов.

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жеңил салмак категориясы боюнча UFC чемпиону. Ал былтыр январь айында Бишкек менен Ош шаарларына келип, күйөрмандары менен жолугуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0