04:30 19 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Автоунаалар. Архив

Кыргызстанда айдоочулар үчүн эки жаңы белги пайда болду. Сүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
15076 0 0

Өкмөттөн маалымдашкандай, жаңы жол белгилери рулга жаңы отурган айдоочулар менен таксисттер үчүн пайдалуу.

БИШКЕК, 8 окт — Sputnik. Кыргызстанда унаалар үчүн эки жол белгиси пайда болду — "Үйрөнчүк айдоочу" жана "Таксомотор".

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн токтомуна кол койду. Ал токтомдо белгилерден сырткары ЖКККББнын инспекторлоруна кээ бир документтерди текшерүүгө тыюу салынган.

Өкмөттөн белгилешкендей, жаңы белгилер чет мамлекеттерде апробациядан өтүп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо жаатында жакшы жыйынтык көрсөткөн.

"Таксомотор (такси)" белгиси такси кызматтарын тартипке келтирет. Белги беш жана андан көп ак-кара түстөгү квадраттан туруп, шахматтык негизде жайгаштырылат. Аны унаанын кузовуна же шашкасына чаптап койсо болот.

"Үйрөнчүк айдоочу" белгиси унаага жаңы отургандарга берилет. Өкмөттөн билдиришкендей, мындай белги менен жүргөндөрдү көргөн башка тажрыйбалуу айдоочу аралыкты сактап, жол бошотуп берүүсүнө шарт түзөт.

Буга чейин "Үйрөнчүк айдоочу" — сары квадраттын ичине кара түстөгү илеп коюлган белги экени айтылган. Ал транспорттун (бардык түрүнө) арткы айнегине чапталат. Мындай белги тажрыйбасы эки жылга жетпеген айдоочуларга берилет.

Тема боюнча

Бишкекте кайсы май куюу жайлары бензинди жеткирбей куят? Иликтөө
Автоинспекторлордун укугу кыскарды. Текшерилбей турган документтердин тизмеси
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт, айдоочу, жол белгилери, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ