БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Гагарин" менен "Түштүк-Батыш" суу тосмолорунда оңдоо иштери боло тургандыктан 10-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Чайковский, Айни, Лев Толстой, Садырбаев жана Космос көчөлөрүндө таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле төмөнкү мекемелерде да суу болбойт.
- №131, 118 бала бакчалар;
- №55, 25 орто мектептер;
- Ленин районундагы билим берүү борборунда;
- Жумушчулар шаарчасында;
- Дыйканчылык институтунда;
- Ленин районунун аскер комиссариатында;
- №47 колонияда;
- Ак-Ордо конушунда;
- "Яшар" фирмасында;
- "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын буу казанында;
- №5 мончо;
- "Кока-Кола Бишкек Боттлерс";
- "Тамга Таш ЛТД";
- "Лина" фирмасында.
Таза суу өчкөн мектептер менен бала бакчалар бул күнү иштебейт.
Эгерде сиз жашаган үйдө, аймакта суу берүүдө көйгөй жаралса, "Бишкек суу каналдын" 56-03-20, 54-42-45, 54-42-44, 44-95-97, 44-96-45 телефондоруна кайрылыңыздар.
Ошондой эле сүрөт, видеолорду WhatsApp аркылуу 0770 838458 номерине жөнөтсөңүз болот.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news