Кыргызстандыктар кармалып жатат! ТИМ Дубайга барчуларды сак болууга чакырды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүМеждународный аэропорт Дубай
Международный аэропорт Дубай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурда Дубай шаарынын аэропортунда БАЭде тыюу салынган "Лирика" препараты (оору сезимдерди жоготуучу наркотикалык заттары бар каражат) менен кармалган КР жарандарынын саны көбөйүп жатат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) бара турган кыргыз жарандарын аэропорттордо өзгөчө сак болууга чакырат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, акыркы учурда Дубай шаарынын аэропортунда БАЭде тыюу салынган "Лирика" препараты (оору сезимдерди жоготуучу наркотикалык заттары бар каражат) менен кармалган КР жарандарынын саны көбөйүп жатат.

"Кыргызстандын атуулдарын сак болууга, аэропорттордо бейтааныш, шектүү адамдардан ар кандай конверттерди жана жүктөрдү албоого чакырабыз. Эгерде жарандардын колунда же жүгүндө ал өлкөнүн мыйзамына каршы буюм же заттар табылса, жоопкерчилик жарандын өзүнө жүктөлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Андыктан чет мамлекетке чыгуу алдында бара турган өлкөнүн бажы эрежелери жана ички мыйзамдары менен таанышуу сунушталат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0