23 жаштагы мугалим кантип "Билим берүүнүн мыктысы" болду? Министрликтин жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистерство образования и науки Кыргызской Республики
Министерство образования и науки Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик жаш мугалимге сыйлык берүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын айтып, ал боюнча түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ош шаарында иштеген 23 жаштагы мугалимдин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисине ээ болгону боюнча Билим берүү жана илим министрлиги түшүндүрмө берди.

Буга чейин интернет булактарына сыйлыкты министр Каныбек Исаков өзүнүн жакынына берди деген маалымат тараган. Бирок министрлик муну четке какты.

"Министр менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жок. Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, мыйзамдуу түрдө төш белгиге татыган. Ал №50 Паиз Нышанов атындагы мектептин география мугалими. Ош шаарында өткөрүлгөн "Жылдын мыкты мугалими 2019" конкурсунун жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сунушунун негизинде "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланды", — деп айтылат маалыматта.

Тактоо үчүн министрлик 2018-жылдын 12-февралындагы №157/1 буйрук менен бекитилген ведомстволук сыйлыктар жөнүндөгү жобонун 7-пункту (Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө учурларда кароо тартиби жөнүндө) менен тааныштырды.

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Кудайбердиева: депутат Икрамовго сыйлык берүүдө мыйзам бузулган жок
Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланбаган адамдарга төмөнкү учурларда сыйлык бериши мүмкүн:

"Жыл мугалими" сынагында, республикалык жана эл аралык масштабдагы сынактардан 1-2-3-орунду ээлегендерге;

Окуучулары республикалык, эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынан жеңүүчү болгон мугалимдерге;

Республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан, билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси жана Ардак грамота берүүгө мыйзам жол берет.

Буга чейин дал ушундай сыйлык Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго берилгенде министрлик "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин берүү жол-жобосун айтып берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0