Лицензиясын алыш керек! Абылгазиев шахтадагы алты адамдын өлүмү боюнча жыйын курду

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда болгон шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда болгон шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга адам өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн керек болсо катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда болгон шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Көмүр ташыган поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: жүк ташыган вагон жетпей, атышууга чейин барып жатышат
Жыйындын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорундагы шахтадан алты жаран газга ууланып каза болгонун маалымдады. Анын айтымында, Кадамжай районундагы кырсык шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында техникалык коопсуздук чараларына этият мамиле кылбагандан улам болгон. Ал эми Лейлек районунда болсо көмүр казууга лицензия алган компания тараптан коопсуздук талаптары одоно бузулгандан улам үч жаран көз жумган.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн керек болсо катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

"Иш токтотулган тилкелерде иштөөгө эч кандай жол берилбеши керек, себеби бул ушундай кесепеттерге – адам өлүмүнө алып келет. Жылытуу сезону жана көмүргө суроо-талап болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен биргеликте шахтага жакын жайгашкан калктуу пункттарда көмүрдү мыйзамсыз казууга жол бербөө үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек", — деди премьер.

Ал ошондой эле көмүр кенине лицензиясы бар компаниялар коопсуздук талаптарын толук сакташы керектигин, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келе турган жагдай болсо, иштөө укугунан ажыратылып, жоопкерчиликке тартылышы зарылдыгын айтты.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Сүлүктү шаарында "Абдукахар кен" шахтасында жана Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн "Боз" тилкесиндеги шахтада кырсык болуп, алты киши каза болгон болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0