6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат

Жазылуу
Кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошуп, болгон-бүткөн сыйлыктын баарын алып да, театрда, окуу жайда иштеп да келе жаткан өнөр адамдарынын эң жогорку пенсиясы 30 миң сомго чейин экендиги белгилүү болду.

Церемония вручения государственных наград в Государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Актриса болом деп Москвадагы окуусун таштап... Жамал Сейдакматова тууралуу 8 факты
Жакында эле россиялык ЖМКлар белгилүү артисттеринин канча пенсия ала турганын жазып чыккан. Тизмеде белгилүү ырчы Алла Пугачевадан тарта Лолитага чейин көрсөтүлгөн. Макалада эң жогорку пенсия 50 миң рубль экендигин көрүүгө болот.

Мындан улам Sputnik агенттиги кыргыз маданиятына ат көтөргүс салым кошуп келе жаткан өнөр адамдары менен байланышып, пенсиялары тууралуу сураштырды.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат. Эрте чыгуу курактары аялдарда 55, эркектерде 60 жаш болуп эсептелинет.

Кайыргүл Сартбаева — 25 миң сом

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева

СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы пенсияга чыкканына отуз жылдан ашканын айтат. Ал учурда Улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейт, профессор наамы бар.

"Мамлекет көргөн камкордукка ыраазымын. Айына 25 миң сом пенсия берилет. Эгер жумуштан кетсем, 50 миң сом алат экенмин. Бирок мен консерваториядагы окуучуларымды таштап кете албайм", — деди белгилүү маданият ишмери.

Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. Ал классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды аткарган.

Болот Шамшиев — 22 миң сом

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев

Белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев пенсияга он жылга кеч чыккандыгын билдирди.

"Өзүмдү пенсионер деп эсептечү эмесмин. Башында 18 миң сом менен чыккам, азыр 22 миң болду. Мен мындан көбүрөөк алам го деп ойлогом", — деди өнөр адамы.

Шамшиев 1941-жылы 12-январда Бишкекте (мурдагы Фрунзе) туулган.

Дарика Жалгасынова — 30 миң сом

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова

КРдин эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова 1941-жылы 20-мартта Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында туулган. Өнөр адамы жети жылдан бери пенсия алат. Алгач 15 миң сом менен чыкса, учурда 30 миңди түзөт.

Улукмырза Полотов — 30 миң

© Фото / из семейного архива ПолотовыхКР эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору, "Манас" орденинин ээси Улукмырза Полотов
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
КР эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору, "Манас" орденинин ээси Улукмырза Полотов

КР эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору, "Манас" орденинин ээси Улукмырза Полотов 1995-жылы пенсияга чыккан. Учурда ай сайын 30 миң сом алат.

Ал 1943-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Улук айылында туулган. Полотов жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Кыргыз сахнасындагы ырчылардын 80-90 пайызы Полотовдун шакирттери.

Жамал Сейдакматова — 30 миң сом

© Фото / Шалтаев МуратАтактуу актриса Жамал Сейдакматова
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
Атактуу актриса Жамал Сейдакматова

Атактуу актриса 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күнгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн. Быйыл 80 жашка толду. Пенсияга 55 жашында чыккан.

"Азыр 29 миң сом пенсия алам. Мен анын бир сомун коротпой театрга колдоном", — деди актриса.

Жамал Сейдакматова өзү ачкан "Туңгуч" театрын жетектейт. Ал КРдин эл артисти, II даражадагы "Манас" орденинин ээси.

Самара Токтакунова — 25 миң сом

© Sputnik / Жоомарт УраимовСССРдин эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунова
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунова

СССРдин эл артисти, белгилүү комузчу 2005-жылы пенсияга чыккан.

"Жалпысынан 58 жылдан бери иштеп келе жатам. Менде болгон наамдын баары бар. Ушулардын бардыгын эсептеп пенсияга чыгарыштыбы же жыл өткөн сайын кошулдубу, билбей калдык. Азыр 25 миң сом алам. Кудай кут кылсын, ыраазы болуп жашап жатабыз", — деди Токтакунова.

Атактуу комузчу 1944-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Токтогул атындагы сыйлыктын, II даражадагы "Манас" орденинин ээси. Учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейт.

Түгөлбай Казаков — 9 миң сомдон жогору

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКРдин эл артисти, белгилүү обончу, композитор, публицист, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, белгилүү обончу, композитор, публицист, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков

КРдин эл артисти, белгилүү обончу, композитор, публицист, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков жети жылдан бери пенсия алып келет.

"Мен мамлекет наамдарды эске алуу менен пенсия берип жаткан учурга туш келип калгам. Базалык коюму (ставка) 9000 миң сом болчу. Азыр канча кошулду билбейм, текшерип турбайм. Себеби гонорар менен эсепке бир түшөт", — деди Казаков.

Түгөлбай Казаков 1951-жылы 28-майда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган.

Назира Мамбетова — 17 миң сом

© Sputnik / Жоомарт УраимовСССРдин эмгек сиңирген артисти, КРдин эл артисти, белгилүү актриса Назира Мамбетова
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эмгек сиңирген артисти, КРдин эл артисти, белгилүү актриса Назира Мамбетова

СССРдин эмгек сиңирген артисти, КРдин эл артисти, белгилүү актриса Назира Мамбетованын пенсияга чыкканына 12 жылдын жүзү болду.

"Пенсиямдын көлөмү 17 миң сом. Аз дейин десем, 3-4 миң сом пенсия алып оокат кылгандар бар. Иштеп да жатам, айлыгым аз, пенсиямды топтой албайм", — деди Мамбетова.

Назира Мамбетова 1948-жылы 2-декабрда Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Тамга айылында туулган.

Муратбек Бегалиев — 10 миң сом

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваКРдин эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Муратбек Бегалиев
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Муратбек Бегалиев

КРдин эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси былтыр пенсияга чыккан.

"Биринчи пенсиямды алганда күлкүм келген. Менин албаган сыйлыгым жок да. Илгери улуу өнөрпоздордун пенсия документтерин бүтүрүп жүргөндө акчалары жакшы чыкканын көрүп калчумун. Өзүмдүн пенсиямды дагы ошондой элестеткем. 10 миң сом алып жатам", — деди Бегалиев.

Ал 1955-жылы 21-июнда Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында жарык дүйнөгө келген.

Зейнеп Шакеева — 8800 сом

© Sputnik / Жоомарт УраимовБелгилүү артист Зейнеп Шакеева
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү артист Зейнеп Шакеева

Калың элге "18 жаш", "Чагылган" ырлары менен белгилүү Зейнеп Шакеева көп балалуу эне катары пенсияга 1976-жылы чыккан. Учурда 8800 сом алат.

Ал 1949-жылы 8-мартта Ысык-Ата районунун Киров айылында жарык дүйнөгө келген. Ырчыга 2017-жылы 68 жаш курагында "эл артисти" наамы ыйгарылган.

Гүлшайыр Садыбакасова — 15 миң сом

© Sputnik / Нургуль МаксутоваКРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, "Кыз бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, "Кыз бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова

КРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, "Кыз бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова алты жылдан бери пенсия алат.

"Мамлекет 15 миң сом пенсия берет. Мен ай сайын албайм. Бир жылга топтоп коюп чет мамлекеттен эс алып келем. Башка акчага караганда өзүңдүн тапканың башкачараак болот экен. Акчаны алып жатканда бүт өмүрүм элестейт", — деди маданият ишмери.

Гүлшайыр Садыбакасова 1953-жылы 10-декабрда Ош облусундагы Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө туулган.

Саламат Садыкова — 6 миң сомдун тегереги

© Фото / из личного архива Саламат СадыковойКРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы "Манас" орденинин ээси, белгилүү ырчы Саламат Садыкова
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы "Манас" орденинин ээси, белгилүү ырчы Саламат Садыкова

КРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы "Манас" орденинин ээси, белгилүү ырчы Саламат Садыкова быйыл 63 жашка толду. Азыр 6 миң сомдун тегерегинде пенсия алат.

"Мен пенсияга кеч чыктым, назары ток кишимин. Алгач 3400 сом алганда шок болгом. 16 жашыман бери иштеп келем, чыгармачылык деп жүрүп кандай гана күндү көрбөдүк. Маданият ишмерлеринин жашоосу Союз убагында жакшы болуптур. Азыркы бийлик кара курсагын эле ойлойт", — деди ырчы.

Ырчы Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында 1956-жылы 28-сентябрда төрөлгөн. Учурда филармониядагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык тобунда жетекчи жана ырчы катары кызмат өтөйт.

Темирлан Сманбеков — 7 миң сом

© Sputnik / Таалайгул УсенбаеваКРдин эмгек сиңирген артисти, Нарын облустук Муратбек Рыскулов
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти, Нарын облустук Муратбек Рыскулов

КРдин эмгек сиңирген артисти, Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык-драма театрынын директору пенсияга былтыр чыккан.

"Театрда иштеп келатканыма кырк жылдан ашты. Ошончо жылдан бери эмгектенип 7 миң сом пенсия алып жатам. Мурда эмгек сиңирген артист, эл артисттери президент тарабынан берилген Ардак грамотасы болсо, персоналдык пенсияга чыгышчу. Азыр андай эмес. Нарындагы батириме 10 миң сом төлөйм. Айлыгымдын бардыгын төгүп берем. Пенсиям турмуш-тиричиликке тыгын болуп жатат. Бизди чыгармачылыкка болгон сүйүү, намыс, жоопкерчилик кармап турат", — деди Сманбеков.

Темирлан Сманбеков 1957-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда төрөлгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0