Жаан-чачын катуу жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© REUTERS / KYODOСильный дождь в Кирисиме
Сильный дождь в Кирисиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 8-9-октябрь күндөрү аба ырайы өзгөрүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

8-октябрь күнү күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болчудай. Октябрга карата аба ырайынын божомолу
9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт.

Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0