Тойдон жолуккан Текебаев, Бабанов, Атамбаев. Талкууга түшкөн сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев. Архив
Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараган видеодон Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын тойдо отурганын көрүүгө болот. Андан сырткары, коноктордун катарында Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева да жүрөт.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Социалдык тармакка Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов жана Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырдын чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды.

Маалыматтарга ылайык, алар депутат Руслан Казакбаевдин баласынын үйлөнүү тоюнда жолугуп, сүрөткө түшкөн.

Президент Алмазбек Атамбаев встретился с жителями Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштурган. Атамбаевге күнөө коюлду
Ошондой эле тараган видеодо Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын да тойдо отурганы тартылган. Андан сырткары, Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын да коноктордун катарында отурганын көрүүгө болот.

Бул сүрөт, видеолорго соцтармактын колдонуучулары түрдүү пикирлерин жазышты. Айрымдары "бир ой бириктирбеген саясатчыларды той бириктирет" дешкен. Терс пикирин жазгандар да жок эмес.

Социалдык тармакта буга чейин Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто кетип бараткан сүрөтү тарап, кызуу талкуу жараткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0