"Бишкек суу канал" шаардыктар үчүн акы алына турчу жаңы кызмат киргизүүдө

© Sputnik / Владимир Смирнов / Медиабанкка өтүүСуу ченегич. Архив
Суу ченегич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриядан кабарлашкандай, калаа тургундарынын көптөгөн кайрылууларынан улам адистердин атайын тобу үйлөргө барып кызмат көрсөтөт.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардыктар үчүн акы алына турчу жаңы кызмат киргизип жатат. Эми калаа тургундары үйүндөгү суу ченегичтерди алмаштырууда жана жаңысын койдурууда адистердин кызматын пайдалана алышат.

Мэриядан кабарлашкандай, атайын адистердин тобу чакырык боюнча барып кызмат көрсөтөт.

Суу ченегичтерди алдыруу, текшертүү жана койдуруунун баалары:

  • 15-50 миллиметр диаметриндеги суу ченегичтер үчүн 2 015 сом 20 тыйын;
  • 65-100 миллиметр диаметриндеги суу ченегичтер үчүн 2928 сом 56 тыйын;

Жаңы жерге суу ченегичтерди орнотуунун баалары:

  • 15-40 миллиметр диаметриндеги суу ченегичтер үчүн 1 189 сом 28 тыйын;
  • 50 миллиметр диаметриндеги суу ченегичтер үчүн 1 568 сом 32 тыйын;
  • 80 миллиметр диаметриндеги суу ченегичтер үчүн 2 354 сом 72 тыйын;
  • 100 миллиметр диаметриндеги суу ченегичтер үчүн 2 550 сом 83 тыйын;
  • Толук маалымат алуу үчүн же суу ченегич орнотуу үчүн 0312 37-45-74 телефондоруна чалууга болот.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0