Кыргызстанда кан басым акысыз текшерилүүдө

Жазылуу
Ден соолук акциясы шаар жана район борборлорунда 7-октябрдан 11-октябрга чейин өтөт. Ал эми айылдарда октябрдан ноябрь айына чейин созулат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын шаар, аймактарында "Кан басымыңды билип ал" акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, ден соолук акциясы шаар жана район борборлорунда 7-октябрдан 11-октябрга чейин өтөт. Ал эми айылдарда октябрдан ноябрь айына чейин созулат. Мындай акция Бишкек шаарында 23-сентябрдан 30-сентябрга чейин өткөн.

Кан басымды текшере турган айрым район, шаарлардагы пункттардын тизмеси:

Кемин району

  • Энергосбыт, Жибек Жолу көчөсү, 63;
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Абдубачаев көчөсү, 27;
  • РСК, Бозоев көчөсү, 4;

Токмок шаары

  • № Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Гагарин көчөсү, 164;
  • "Глобус" гипермаркети, Ленин көчөсү, 253;

Каракол шаары

  • ЦУМ "Народный" дүкөнү, Жантаев көчөсү, 43;
  • Почта, Гебзе көчөсү, 124;
  • РСК, Токтогул көчөсү, 271;
  • "Восход" үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Восход кичи району 13-үй;
  • "Назик" үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Мичурин көчөсү, 1А;
  • "Үмүт" үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Абдрахманов көчөсү, 121;
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Абдрахманов көчөсү, 121;

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында көп адам өзүнүн кан басымы кандай экенин билбей турганы, билгендер кан басымы жогору болсо да медкызматкер жазып берген дары-дармекти ичпей жүрө берери айтылат. Акцияда ар бир жаран кан басымын билип, эгер көтөрүлүп кетсе, медкызматкерден бекер кеңеш ала алат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0