Заворотнюктун директору актрисанын өлүмү тууралуу маалыматка жооп берди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив
Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Тelegram каналдарынын биринде актриса дарыланып жаткан оорукананын кызматкери анын 5-октябрь күнү көз жумгандыгы жөнүндө айтканы тууралуу маалымат тарап кеткен.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Анастасия Заворотнюктун концерттик директору Стас Христов НТВ телеканалына маек берип жатып, ал тууралуу ушак-айың таратууну токтотууга чакырды. Мындан тышкары, ал интернетте актриса көз жумду деп тарап кеткен маалыматтарды төгүндөгөнүн РИА Новости жазды.

"Анастасия жөнүндө интернетте эмне деген гана кептер болуп жатат? Айрымдар аны өлтүрүп дагы салышты. Андан көрө оор акыбалда турган үй-бүлөгө түшүнүү менен мамиле кылсак. Азыр алар актрисанын ден соолугу боюнча эл алдына чыгып маалымат берүүгө даяр эмес", — деди Христов.

Открытие выставки Никаса Сафронова Иные миры - Sputnik Кыргызстан
Анастасия Волочкова Заворотнюк жөнүндө пост жазып, талоонго калды
Буга чейин Тelegram каналдарынын биринде актриса дарыланып жаткан оорукананын кызматкери анын 5-октябрь күнү көз жумгандыгы жөнүндө айтканы тууралуу маалымат тарап кеткен.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0