Бишкекте воркаут-аянтчасы менен кичи футбол талаасы ачылат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүФутбол аянтчасы. Архив
Футбол аянтчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуштарды салууга жалпысынан дээрлик төрт миллион сом кетет. Социалдык тармактарда анын эскиздери жарыяланды.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы Жал-23 кичи районунда воркаут-аянтча менен кичи футбол аянтчасын салуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Салына турчу спорт жай №12 үйдүн батыш тарабынан орун алат. Ага жалпысынан 3 миллион 397 миң сом сарпталат. Тендер боюнча утуп алган тарап курулуштун айланасын жарыктандырып, тосмолорду коюп, отургучтарды орнотушу кажет.

Арыздарды кабыл алуу 18-октябрда аяктайт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0