01:59 23 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив

Шыпыргынын жанында чалкалап жаткан "тазалыкчылар". Сүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
273 0 0

Флешмоб Цюрихтен башталган. Тартип сакчылары Facebook тармагына кызматтык автоунаасын токтотуп, жанына бүт жабдууларын тизип, эки кызматкердин чалкалап жаткан сүрөтүн жарыялаган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Бишкек шаарындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасы дүйнөдөгү популярдуу Tetris Challenge флешмобуна катышып, анын сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялады.

Социалдык тармактагы Tetris Challenge флешмобу 1-сентябрда башталган. Анда Швейцариянын Цюрих шаарынын полициясы эки кызматкердин бүт жабдууларын жерге тизип, кызматтык автоунаасын токтотуп, жанында чалкалап жаткан сүрөтүн жарыялаган. Ошондон кийин дүйнөдөгү куткаруучу, медик, полиция жана башка кызматтар #TetrisChallenge флешмобун улантып кеткен. Мындай сүрөт үстүнөн караганда тетрис оюнчугуна окшош болот.

"Тазалыктын" кызматкерлери да шыпыргы, күрөк, жилет, каска, чакасынан тартып кесибине байланышкан  жабдууларын асфальттын үстүнө тизип сүрөткө түшүп жарыялашкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Медайымдар бейтаптар менен бийлеп көңүлүн көтөрдү. Чүйдөгү ооруканадан тартылган видео
Белгилер:
Сүрөт, кызматкер, флешмоб, МП "Тазалык"

ЭҢ МААНИЛҮҮ