Тамакты ченеп жеп... Facebook тармагынан оолак болуунун пайдасы айтылды

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoСоциальная сеть Facebook
Социальная сеть Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 1765 интернет катталуучунун катышуусунда эксперимент жүргүзүшкөн. Ыктыярчылар эки топко бөлүнгөн. Биринчи тайпа бир апта бою Facebook тармагына кирбесе, экинчи топ адаттагыдай эле колдоно берген.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Эквадордогу Лас Америкас университетинин окумуштуулары Facebook тармагын колдонуудан баш тартуу адамдардын финансылык абалын жакшыртканга жана өзүн сергек алып жүргөнгө жардам берерин аныктап чыгышканын Daily Mail жазды. 

Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook колдонуучусу өзү тууралуу маалыматты башка сайттан көзөмөлдөй алат
Адистер 1765 интернет катталуучунун катышуусунда эксперимент жүргүзүшкөн. Ыктыярчылар эки топко бөлүнгөн. Биринчи тайпа бир апта бою Facebook тармагына кирбесе, экинчи топ адаттагыдай эле колдоно берген.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Facebook социалдык тармагынан баш тарткан адамдардын күнү жемиштүү өтө баштаган жана депрессиядан оолак болушкан. Ошондой эле ойдо жок жерден бир нерсе сатып алууну, ашыкча маалымат окууну жана тамак жегенди азайтышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0