Кызы президенттик аппаратты, уулу шаарды башкарат. Эмомали Рахмон тууралуу 10 факты

© Фото / пресс-служба президента ТаджикистанаПрезидент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон
Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмомали Рахмон Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен президенттик тактыга эң узак отурган президенттердин бири. Анын уул-кызы дагы жогорку саясий кызматтарда.

Тажикстанды чейрек кылым башкарган Эмомали Рахмон бүгүн, 5-октябрь күнү, 67 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги коңшу өлкөнүн башчысы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

1. Ааламга жол айылдан башталат. Эмомали Рахмон 1952-жылы 5-октябрда Тажикстандын Куляб облусундагы Дангара кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Үйдүн үчүнчү баласы. Атасы Шариф Рахмонов Улуу Ата мекендик согушка катышып, Даңк ордени менен сыйланган. Апасы Майрам Шарифова 2004-жылы 94 жашында каза болгон. 

2. Кесиби экономист. Орто мектепти бүткөндөн кийин Коргон-Төбөдөгү май куюучу заводдо электрик болуп эмгектенген. Тажик улуттук университетинин экономика факультетинен билим алган. Студенттик кезин сатуучу болуп иштөө менен айкалыштырган.

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүЭмомали Рахмон 1952-жылы 5-октябрда Тажикстандын Куляб облусундагы Дангара кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Үйдүн үчүнчү баласы.
Кызы президенттик аппаратты, уулу шаарды башкарат. Эмомали Рахмон тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон 1952-жылы 5-октябрда Тажикстандын Куляб облусундагы Дангара кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Үйдүн үчүнчү баласы.

3. Түшпөс хан. 1990-жылы Тажикстан ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты, ал эми 1994-жылы Тажикстандын президенти болуп шайланган. 2006-жылы болгон шайлоодо калктын 73 пайыз добушуна ээ болуп, кайрадан президенттик орунду ээлеген. Акыркы жолу 2013-жылы жети жылга президенттикке шайланган.

4. Өлкөдө алтын тиш салдырууга тыюу салган. 2006-жылы айылдагы окуу бөлүмдөрүн кыдырып жүрүп мектепте иштеген мугалимдин алтын тиштерин көрүп калат. Ошондо "биз эл аралык уюмдарга жарды экенибизди кантип түшүндүрөбүз, эгер айылдагы мугалимдерибиздин тиши жаркырап турса" деп айткан. Ошондон кийин жарандардын бардыгына алтындан жасалган кийме тиштерден баш тартуусун буюрган. 

© Фото / пресс-служба президента ТаджикистанаРахмон кесиби боюнча экономист. Студенттик кезин сатуучу болуп иштөө менен айкалыштырган.
Кызы президенттик аппаратты, уулу шаарды башкарат. Эмомали Рахмон тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Рахмон кесиби боюнча экономист. Студенттик кезин сатуучу болуп иштөө менен айкалыштырган.

5. Тажик жарандарынын фамилиясына "-ов", "-ова" мүчөлөрүн кошууга тыюу салган. Эмомали Рахмон 2007-жылы тажик элин фамилиядан "-ов", "-ова" мүчөсүн алып таштоого чакырган жана өзү биринчилерден болуп бул кадамга барган. Мыйзам 2016-жылы күчүнө кирип, тажик балдарынын аты-жөнүнө орус тилине мүнөздүү мүчөлөр уланбай калган.

6. Каардуу президент. 2017-жылдын август айында Эмомали Рахмон Тажикстандын Хатлон облусуна иш сапары менен барган. Ал жакта салтка айланган ыр-бий менен тосуп алууда президентке "Очаджонхо" ("Энелер") ансамблинин дойрада кол ойноткондору жакпай калып, аталган облустун аялдар жана үй-бүлө маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Зиөда Саломова кызматынан кол жууган

© Фото / пресс-служба Президента Республики ТаджикистанУлуу баласы Рустам Эмомали 31 жашта, 2017-жылдын 4-апрелинде Душанбе шаарынын мэри болуп шайланган. Атасынын колунан II даражадагы "Алтын таажы" төш белгиси менен сыйланган.
Кызы президенттик аппаратты, уулу шаарды башкарат. Эмомали Рахмон тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Улуу баласы Рустам Эмомали 31 жашта, 2017-жылдын 4-апрелинде Душанбе шаарынын мэри болуп шайланган. Атасынын колунан II даражадагы "Алтын таажы" төш белгиси менен сыйланган.

7. Тажик президенти ысырапкорчулукту жактырбайт. Эмомали Рахмондун калк кызыкчылыгын ашыкча чыгымдардан коргоо боюнча мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан. Ушу тапта балага байланыштуу ырым-жырымдар үй-бүлө ичинде гана өткөрүлөт. Сөөк коюу жөрөлгөсүндө мал союлбайт, келген элге тамак-аш сунушталбайт. Кафе, ашкана, ресторандардын администрациясы иш-чараны өткөрүп жаткан адам менен бирге эле чакырылган меймандардын саны жана убактысы боюнча жоопкер болот. Муну менен бирге иш-чара өткөрүүнүн убактысы да чеги менен белгиленген. Аталган мыйзамды бузгандарга айып пулдун көлөмүн жогорулатуу каралган. Жаңы нормаларды сактабаган мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынат.

8. Үй-бүлөсү чоң. Эмомали Рахмон жубайы Азизмо Асадуллаева менен эки уул, жети кызды тарбиялаган. Балдары үй-бүлө күтүп, ар кайсы кесип ээлери болушкан. 

© Фото / пресс-служба президента ТаджикистанаЭмомали Рахмон жубайы Азизмо Асадуллаева менен эки уул, жети кызды тарбиялаган.
Кызы президенттик аппаратты, уулу шаарды башкарат. Эмомали Рахмон тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон жубайы Азизмо Асадуллаева менен эки уул, жети кызды тарбиялаган.

9. Куда-сөөк жана күйөө балдар

Тун кызы Фирузе тажик темир жолунун мурдагы жетекчисине келин болгон. Болгону Хокумовдун уулу боюнча маалымат жокко эсе, ысымы, кесиби боюнча эч бир жерде айтылбайт. Тажикстан Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары, 42 жашар Жамолиддин Нуралиев президенттин экинчи кызы Озодага үйлөнгөн. Озода өзү Тажикстандын президентинин, тагыраагы, өз атасынын аппаратын жетектейт. Жубайлар беш баланы тарбиялайт. Үчүнчү кызынын жолдошу — Тажикстандын Кышкы спорт түрлөрү боюнча улуттук ассоциациянын президенти Шамсулло Сохибов. Бешинчи кызы Парвина мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Шерали Гуловдун уулу Ашрафка турмушка чыккан. Ал Улуттук банк, кийин ИИМ тутумунда иштеп, андан соң Москвадагы тажик элчилигинин консулдук кызматынын башчылыгына дайындалган. Алтынчы кызы Зарина диктор болуп иштечү. Ал мурдагы Байланыш кызматынын башчысы Бега Зухуров-Сиевуштун уулуна турмушка чыккан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кесиптеши менен кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө
Кызы президенттик аппаратты, уулу шаарды башкарат. Эмомали Рахмон тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кесиптеши менен кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө

10. Ата жолун жолдогон уул-кызы

Саммит международного фонда спасения Арала в Туркменбаши  - Sputnik Кыргызстан
Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген?
Рахмондун бир уулу менен бир кызы өлкөдөгү жогорку саясий кызматтарды аркалайт. 41 жаштагы экинчи кызы Озода президенттик аппараттын жетекчиси. Мурда Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген. Андан соң ТИМдин консулдук бөлүмүн жетектеп, 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Жолдошу Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчисинин биринчи орун басары. Жубайлардын беш баласы бар.

Улуу баласы Рустам Эмомали 31 жашта, мамлекеттик кызматка 2006-жылы кадам таштаган. Бир катар ведомстволордо иштеп, 2013-жылы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болгон. Эки жылдан кийин Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине башчы болуп дайындалган. 2017-жылдын 4-апрелинде Душанбе шаарынын мэри болуп шайланган. Атасынын колунан II даражадагы "Алтын таажы" төш белгиси менен сыйланган. Эки баланын атасы

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0