Жээнбеков Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне кеп болду?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Таджикистана Эмомали Рахмона в город Чолпон-Ата
Визит президента Таджикистана Эмомали Рахмона в город Чолпон-Ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Жээнбеков кесиптешин туулган күнү менен куттуктагандан сырткары кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулаган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Баткен облусундагы Лейлек району менен Тажикстандын Бабажан Гафуров районун байланыштырган көпүрө кайрадан курулуп, пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан
Баткенди Тажикстан менен байланыштырган көпүрө оңдолду. Сүрөт
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгилик каалаган.

Ошондой эле мамлекет башчылар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашкан.

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон бүгүн 67 жашка чыкты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0