Бишкек милициясында ок атылды. Башкармалыктын расмий жообу

© Sputnik / Нурис АлымбаевГарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИБинин аймагында ишемби күнү атайын салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, жоокерлер асманга ок атышкан.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы интернет колдонуучулар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ибраимов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги имаратынын жанында жарылуу болуп, ок атылганын айтышты.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы ишемби күнү, 5-октябрда, башкармалыктын аймагында бир нече жолу ок атылганын тастыктады. Мекемеде Кылмыш иликтөөнүн уюшкандыгына карата майрамдык иш-чара өтүп, атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерлери ички иштер органынын ардагерлерине өздөрүнүн даярдыгын көргөзүшкөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0