Небере күтүп калган кезде күйөөм жаш келинге кетип калды. Аялдын каты

CC0 / Pixabay / Cyrielle EvenoПисьмо психологу
Письмо психологу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жолдошу жаш келинге кетип калган аялдын каты жарыяланды.

...Эки ай мурда 20 жылдан ашык бирге түтүн булаткан абышкам жаш келинге арзып калып, аны менен көмүскө жашай баштаганын уктум. Ошондон бери эмне ичип, эмне жеп жатканымды билбейм. 

Отургучта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдызымды жакшы көрөм... Жесил кишинин каты
Жолдошум азыр 55те, мен 53төмүн. Ортодо үч балабыз бар. Улуулары үйлөнүп-жайланып, балалуу болушкан. Кичүү кызыбыз чет мамлекетте билим алат. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Күйөөм экөөбүз тең ишкерлик менен алектенебиз. Жаңы үйлөнгөндө кичинекей батирде эле турчубуз. Иштеп жүрүп буттан турдук, балдарды окуттук. Урушуп-талашкан учурлар деле болду, бирок аны кетип калат деп түк ойлобоптурмун. 

Бир жылдан бери эле башкача болуп, "иштерим менен жүрөм" деп үйгө деле токтобой калган. Жумушуна байланыштуу айылга көп каттачу. Көрсө, жаш аялга арзып жүрүптүр. Сураштырсам тапканы бир баласы бар, 35тердеги келин экен. Башында күбүр-шыбыр кепти элден уктум. Ишенген эмесмин. Андан кийин "кечирип кой, мен башка адамды жактырып калдым" деп өзү айтты. Бул окуяны балдар билбейт. "Аялын таштап башкага кетип калыптыр" деп укчумун. Бирок этибар алып, менин башыма ушул окуя келерин ойлобоптурмун. Чоң сокку болду. Балдарыма айтсам атасын биротоло жаман көрүп калышабы деп корком.

Күйөөм үйдөн биротоло кетип калган жок. Анда-санда келип, балдардыкына барып кетет. Унчуккан жокмун, жайына койдум.

Кучакташып турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Досумдун жубайы бассам-турсам оюман кетпей койду... Эркектин каты
Психологго кайрылып жаткан себебим, азыр мен эмне кылышты билбей калдым. Балдарыма баарын айтсамбы? Биротоло ажырашсамбы же жайына койсом кайра келеби? Келген күндө деле аны менен кайра кантип чогуу жашайм? Ооба, аны жакшы көрөм, башкага ыраа көргөн жокмун. Бирок азыр колуман эмне келет. Канткен күндө аны кайра мурдагыдай жаныма кайтарып алам? Дегеле бул учурда кандай чечим кабыл алсам туура болот?

Азыр эч нерсеге каалоом жок. Чет өлкөдөгү кызыма шылтоолоп ошол жакка кетип калгым келип жүрөт. Кетип калсамбы? Суроо көп...

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

— Мындай көйгөй коомдо болуп келген, боло берет. Албетте, үй-бүлөдө жубайлардын ортосундагы мамиленин бузулушу экөөнө тең, балдарга да чоң сокку. Бирок ошол нерседен туура жыйынтык чыгаруу керек. Эмне себептен илгери биздин ата-энелер көп ажырашчу эмес. Ажырашуулардын саны аз болчу. Себеби үй-бүлө институту деген бар эле, система башкача болчу. Алсак, Советтер Союзу учурунда эгер үй-бүлө, бала-чакасы жок же ажырашып кеткен неме болсо "үй-бүлөнү тыңдай албаган иште эмнени кыйратат" деп ага кызмат да берчү эмес. Азыр система башкача. Жаш үй-бүлөлөргө ата-энеси үйүн, унаасын баарын белендеп берип коёт, жаш жубайлар жашоого адаптация болбой калышат. Кыйынчылыкка туруштук бере албай ажырашып кетишет.

Отношения в КР - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн жылуу сөзүн сагынып жүрөм... Жалгызсыраган келиндин каты
Ал эми бул үй-бүлөнүн окуясын ала турган болсок, кат жазган аял эрте чечим кабыл албай коё турушу керек. Себеби күйөөсү биротоло кетип кала элек. Азыр ал балким эки жакты тандай албай турган чагыдыр. Ошондуктан анын эмне себептен кетип калышын изилдеп көргөнгө аракет кылыңыз. Өзүңүздүн жакшы жагыңызды көрсөтүп, сыйга татыктуу экениңизди далилдеңиз. Эркек аялынан көп себеп менен кетип калышы мүмкүн. Айрымдары үйдө өзүн керексиз сезип калганда кетсе, кээ бири аялынын дайыма кемсинтип, басынта бергенинен тажайт. Кээ бир эркектер дараметин сынап көргүсү келет, дагы башкасынын аялы жүдөп, өзүн карабай калганда башкадан жылуулук издейт. Себептери өтө көп. Сиз болсо катта аны ачык жазган эмессиз. Ошондуктан эмнеден кетип калышы мүмкүн экенин ойлонуп көрүңүз.

Ортодо баарлашуу жок болгон учурда да жубайлардын ортосунда мамиле сууйт. Кызыкчылык бир болушу керек. Балдары окууну бүтүп, өзүнчө үй-бүлө куруп кеткенден кийин жубайлар кайрадан жаңы сүйлөшүп баштаган кыз-жигиттей мамилесин бекемдөөгө аракет кылганы оң. Анткени башында балдарына байланып, алар менен сүйлөшүп, аларды башкарып көнүшкөн да, балдар кеткенде бири-бирине чоочун адамдардай болуп калышат.

Менин оюмча, кат жазган аял менен күйөөсүнүн мамилесине чекит коюла элек. Келип-кетип турат экен. Демек, ойлонуп жүрөт же толук чечимди өзү да кабыл ала элек. Ошондуктан дагы кеч эмес. Өзүңүздү, ага болгон мамилеңизди өзгөртүп, аны кайтарып алууга аракет кылыңыз.

Жаш кезде ажырашкандан дагы 40тан ашып калганда эки ажырым жолго түшкөн оор. Ошондуктан үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылыңыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0