Кыргыз-казак чек арасында фуралар кезекке туруп калды. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тарап чектөө киргизген эмес, Чүй облусундагы көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Маселе Казакстандын чек арасында жаралган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Казакстан менен чектешкен аймакта 100дөй оор жүк ташуучу автоунаа топтолуп калганын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында орто мектептердин курулуш иштери башталды. - Sputnik Кыргызстан
Баткендин чегинде 80 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы салына баштады
Унаалардын чогулуп калганы Чүй облусундагы "Актилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда байкалган.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, казак тарап 4-5 оор жүк ташуучу унааны бир сааттан карап жатат. Буга аркы тараптагы текшерүү комплекси иштебей жатканы себеп. Жеңил унаалар жана жүргүнчүлөр эч кандай чектөөсү жок кирип-чыгып жатканы айтылды. Кыргыз тарап дагы ашыкча текшерүүсүз өткөрүп жатат. Алар унаалардан баңги зат, курал-жарак, ок-дары жана жарылуучу заттарды гана издөөдө.

Казакстан менен чектешкен аймактагы өткөрүү пункттарында кезек жок экендиги кошумчаланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0