Декларацияны мыйзам бузуп тапшырган депутаттардын тизмеси чыкты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСдача ЕНД в Кыргызстане
Сдача ЕНД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-октябрга карата 1 202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырган эмес.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2018-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, 3-октябрга карата 1 202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларациясын өз убагында тапшырган эмес. Алардын тизмеси www.sti.gov.kg сайтындагы "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды декларациялоо" бөлүмүндө жарыяланды. 

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көбү жергиликтүү органдардын кызматчылары жана адистери болду, бардыгы — 980 декларант.

Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу
Ошондой эле тизмеде Мамлекеттик каттоо кызматынын (25), Жогорку Кеңештин (22), Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин (16), Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (16), Финансы министрлигинин (13), МСК (12), Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (10), Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (10), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (7), Юстиция министрлигинин (7), Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (7), Бажы кызматынын (6), Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (6), Тышкы иштер министрлигинин (6), президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын (6) жана башка органдардын кызматкерлери да бар.

Белгилей кетсек, декларацияны өз убагында тапшырбаган беш депутат бар. Алар: Алтынбек Жунус уулуАида Исмаилова, Жыргалбек Турускулов, Зарылбек Рысалиев, Жылдыз МусабековаРуслан Чойбеков

Эскерте кетсек, салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0