Өкмөт Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын кантип өткөрүп жатканын айтты

© Предоставлено Центральным Госархивом КРТ.У.Усубалиев с букетом
Т.У.Усубалиев с букетом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси каралып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Депутат Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Момбеков Турдакун Усубалиевдин туугандарынын эки таарынычын айтты
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон.

Учурда уюштуруу комитети пландарын аткарууга киришкени маалым болду. Ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объектилерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.

"Бүгүнкү күнү бир катар маданий, илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, сынактар өткөрүлүп, биографиялык басылмалар даярдалып жатат. Жыл башынан бери республика боюнча ачык сабактар, класстык сааттар, илимий-практикалык конференциялар жана музейлик көргөзмөлөрдү өткөрүү уланууда. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык мааракесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда", — деди маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов.

Боронов Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

"Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон таасири баа жеткис. Чыгаан инсандын өмүрү жана ишмердүүлүгү бардыгыбыз үчүн үлгү болуп саналат. Ал чыныгы мекенчил жана анык мамлекеттик ишмер катары элине кызмат өтөдү. Ушундан улам биз Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө тийишпиз", — деген Боронов.

Турдакун Усубалиев Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанып-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. 2015-жылы 6-сентябрда каза болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0