Эмчек рагынын алдын алуу. Баткендеги аялдардын ден соолугу текшерилет

© Sputnik / Эмиль СадыровЖизнь и быт в Баткенской области
Жизнь и быт в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз-келиндердин саламаттыгын текшерүү үчүн Ош облусундагы онкологиялык борбордон онкогинеколог, онколог жана УЗИге тарткан адис чакырылган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Эмчек рагын алдын алуу боюнча өтүп жаткан бир айлыктын алкагында бүгүн, эртең Баткен аймагындагы аялдардын ден соолугу текшерилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аялдардын саламаттыгын текшерүү үчүн Ош облусундагы онкологиялык борбордон онкогинеколог, онколог жана УЗИге тарткан адис чакырылган. Андыктан Баткен аймагында жашаган аялдарды текшерүүдөн өтүп жана адистердин кеп-кеңешин алып кетүүгө чакырабыз", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан эмчек рагын алдын алуу үчүн эмнелерди билиш керек, негизги белгилери кандай болот жана ага кандай факторлор себеп болушу мүмкүн деген суроолордун тегерегинде адиске суроо узаткан. Ага Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмүнүн дарыгерлери жооп берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0