Министрлик 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасатууга жардам берет

© Фото / пресс-служба Минобрнауки КРПодписание соглашения министра образования Каныбека Исакова с Азизбеком Эшмамбетовым
Подписание соглашения министра образования Каныбека Исакова с Азизбеком Эшмамбетовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин катаракта жана башка көз патологияларын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлдү.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдердин ден соолугун бекемдөө жана жеке-мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында "Дордой офтальмик-сервис" көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

"Келишим боюнча өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерине көз катарактасын алуу жана башка көз ооруларын дарылоо үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат", — деп айтылат билдирмеде.

Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин катаракта жана башка көз патологияларын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлгөнү кошумчаланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0