Өкмөт уран кендерин изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салууну колдойт

© Sputnik / Табылды КадырбековУран казууга каршы митингинин катышуучулары. Архив
Уран казууга каршы митингинин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корутундуда өкмөт жалпысынан мыйзам долбоорду колдой турганы айтылып, долбоорду кайра иштеп чыгууда айрым редакциялык мүнөздөгү сунуштарды эске алууну сунуштаган.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан демилгеленген.

"Кыргыз өкмөтү мыйзам долбоорун илгерилетүүгө тоскоолдук жараткан кандайдыр бир жашыруун аракеттерди жасаган жок. 2019-жылдын 24-июнундагы №314 токтому менен бул мыйзам долбоорун жактыруу боюнча өкмөттүн расмий корутундусу чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов
 - Sputnik Кыргызстан
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек
Ушул жылдын 24-июнунда өкмөттүн бул чечими мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири болгон "Бир Бол" парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун атына жөнөтүлгөн.

Корутундуда өкмөт жалпысынан мыйзам долбоорду колдой турганы айтылып, долбоорду кайра иштеп чыгууда айрым редакциялык мүнөздөгү сунуштарды эске алууну өтүнгөн.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0