20:59 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Мектеп. Архивдик сүрөт

Адис: мектептерде акча чогултууга салынган тыюулар көйгөйлөрдү жоё албайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
124 0 0

Адис Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Мектептеги акча чогултуулар. Ата-энелер фондунун ишин кантип өзгөртүү керек, негизи эле фонддун кереги барбы?" аттуу тегерек столго катышты.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Кеңешбек Сайназаров мектептеги каражат чогултуулардын негизги кемчилигин айтты. 

Член общественного совета при Министерстве образования и науки Кенешбек Сайназаров во время круглого стола в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Кеңешбек Сайназаров

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Мектептеги акча чогултуулар. Ата-энелер фондунун ишин кантип өзгөртүү керек, негизи эле фонддун кереги барбы?" аттуу тегерек столго катышкан.

Кечээ, 2-октябрда, билим берүү министри Каныбек Исаков мектептерде окуучулардан, окуучулардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражатын талап кылууга тыюу салган.

Билим берүү министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Кеңешбек Сайназаровдун айтымында, тыюулар көйгөйлөрдүн бардыгын чече албайт.

"Ачыгын айтканда, мамлекет мектептердин чыгымын толук жаба албайт. Ушул себептен улам билим берүү тармагынын инфраструктурасын түзүү үчүн каражат топтогон фонд түзүлгөн. Мугалимдер ата-энелерден акча чогултпасын деген буйрук, тилекке каршы, өлкөдөгү көйгөйдүн бардыгын чече албайт. Буйрук фонддорду жапсын деп чыккан жок, болгону акча топтоого мугалимдер катышпасын деп айтылган", — деди Сайназаров.

Адис буйрук ишке ашкандан кийин мугалимдер менен мектептерди кандай келечек күтүп турат деген суроо салды.

Тема боюнча

Министр: акча чогулткан директорлор менен мугалимдер иштен алынат!
Мугалимдердин айлыгы категориясына жараша канчага көтөрүлөт? График
Айлык көтөрүлгөндөн кийин мугалимдер канча алат. Таблица
Белгилер:
топтоо, акча, фонд, мектеп, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ