Окуучулар күзгү каникулга качан тарайт

Жазылуу
Быйылкы күзгү каникулда мектеп окуучулары ишемби жана жекшемби күндөрдү эске алганда сегиз күн эс алышат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандын окуучулары 4-ноябрда күзгү каникулга тарайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

"Окуучулар 4-ноябрдан 11-ноябрга чейин эс алышат", — дешти министрликтен.

Ишемби жана жекшемби күндөрдү эске алганда мектеп окуучулары жалпы жонунан сегиз күн эс алмакчы.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0