15:27 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711
Коом
Кыскача шилтеме алуу
26301

Султанов соңку кезде Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон мамилеси жакшыргандан кийин ал жакта өлкө өндүргөн цементке, сары ташка жана көмүргө болгон талап күч алганын айтты.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыкапар Султанов "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк башкармалыгында жүк ташыган вагондордун көйгөйү абдан курч экенин парламенттин жалпы жыйында билдирди.

Ал ошондой эле "Кыргыз темир жолу" ишканасында Советттер Союзу тарагандан бери оор жүк ташуучу вагондордун паркы жаңыланбагандыктан, бүгүн өндүрүшчүлөр менен ишкерлер үчүн өтө чоң көйгөй жаралып жатканын айтты. Депутат президент Сооронбай Жээнбеков премьер болуп турганда 2017-жылы Кыргыз-орус фондусунан 7,5 миллион долларга 150 вагон алынганын белгилеп, азыр ошолор иштеп жатканын кошумчалады.

Султанов соңку кезде Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон мамилеси жакшыргандан кийин ал жакта өлкө өндүргөн цементке, сары ташка жана көмүргө болгон талап күч алганын айтты.

"Андыктан, жүктөрдү жөнөтүүдө ушул оор жүк ташыган вагондорго муктаждык келип чыгууда. Мисалы, быйыл тогуз айда 700 миң тонна жүккө тапшырык берилген болсо, бизде вагондор жетишпегендиктен заказ 65 пайызга гана аткарылды. Бул деген миллиондогон, миллиарддаган акча казынага түшпөй турат дегенди түшүндүрөт. Өзүбүздүн өндүргөн көмүрдү албай Казакстандан алсак, ал эми экспортко талап болуп туруп ошону чыгара албасак, бул кандай мамиле? Өкмөт ушул ишке көңүл бурса", — деди депутат.

Эл өкүлү Кыргыз-орус фондусунан акча бөлдүрүп, 100 вагон алынса, бир жылда бул көйгөй чечилмектигин кошумчалады. Анын айтымында, миллиондогон жүк ташылып, казынага миллиарддаган акча түшмөк. Андан сырткары, жумуш орундары түзүлүп, башка көйгөйлүү маселелерге да чекит коюлмак.

"Өндүрүшчүлөрдүн абалы оор болуп турат. Вагон талаш болуп, мушташканга, атышканга чейин жетип жатышат, коррупцияга барганга туура келип жатат. Ушул вагон маселесин тез арада чечсек", — деди ал.

Депутат вагондор 1,5 жылда өзүн актап коймоктугун кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстанда Казакстандын көмүрү тартыш болуп жатат. Видео
Кыргызстандын кайсы аймагында көмүр арзан. Инфографика
Белгилер:
ишкер, көмүр, көйгөй, вагон, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ