Шаарда сирена уктуңузбу? ӨКМ эмне кылыш керектигин айтты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСирена. Архив
Сирена. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаары боюнча 2-октябрда сирена болорун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала айткан. Бирок эл чочуп кетпеши керектигин эскерткен.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Борбор калаанын ар кайсы аймактарында 2-октябрда сирена жаңырып, жергиликтүү элге өзгөчө кырдаал тууралуу кабардар кылды. Ал эми министрликтен окурмандар үчүн кооптуу сирена деген эмне, аны укканда эмне кылуу керектигин айтып беришти.

Буга чейин ӨКМ октябрдын экисинде жабдууларды, техникаларды текшерип жаткандыктан шаар боюнча сирена жаңырарын эскерткен.

Кооптондурган үн

Ыкчам нөөмөтчү алгач "Көңүл бургула" деген шарттуу белгини күйгүзөт. Кооптуулукту сездирип бир калыпта чыккан сирена (кооптуулук боюнча аба аркылуу берилген эскерткич) шаардын бардык райондорунда орнотулган белги берүүчү атайын жабдуулар аркылуу кабарланат. Мындай типтеги беш мүнөттүк сирена согуштук же аскерий эмес, жарандык окуулар экендигинен кабар берет.

Окуу сиренасын кадимкисинен кантип айырмаласа болот?

Совместные учения Кыргызстана, Узбекистана и Таджикистана в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Баткенде үч коңшу өлкөнүн куткаруучулары машыгуудан өтүштү. Сүрөттөр
ӨКМ адатта жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жана өзүнүн сайты аркылуу окуу иретинде болорун кабарлайт. Бул шаардагы бардык сиреналар иштеп жатабы же жокпу, шашылыш учурда радио түйүндөрдү канчалык деңгээлде ээлеп кете аларын текшерүү максатында жасалат. Эгерде кандайдыр бир кемчилиги болсо, аны жаңысына же санарип менен иштей турганына алмаштырышат. Негизинен кооптуулукту маалымдаган үн жогору жактан келет. Аймактар менен көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына электр сиреналары менен үн күчөткүчтөр орнотулган.

Бул сигналдын эмне кереги бар?

Мындай сирена өзгөчө кырдаалдын жаралгандыгынан, ири масштабдуу авариядан, бир кырсыктын болгондугунан, жаратылыш кырсыгы жакындап келе жаткандыгынан же согуштук, аскердик аракеттерден кабар берет.

Сиренаны укканда эмне кылуу керек

Биринчи иретте телевизор же радиону кое сала, эмне кырдаал болуп жаткандыгын угуу керек. Эгерде анда эч кандай маалымат жок болсо, жаңылыктарды жазган сайттарды кароо зарыл. Кырдаал чындап өтө кооптуу болсо дикторлор бул туурасында бардык телеканал менен радиодон тынбай кабарлайт. Муну уккандан кийин документтерди бир жерге топтоп, аптечка, акча жана бир нече саатка жете турган азык камдоо кажет.

Эгерде сиренаны көчөдөн уксаңыз

Маанилүү маалыматты сиренадан кийин үн күчөткүч менен айтышат. Андан сырткары, милиция же өрт өчүрүүчүлөрдүн автоунаасы менен көчөмө-көчө кыдырып, элди кабардар кылышат. Маалыматты улам кайталап турушат.

Балдарды эмне кылыш керек

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шерипова: кырсыктардын алдын алуу боюнча бир айлык өтүүдө
Баланы мектептен же бала бакчадан алып кетүүгө ашыкпаңыз. Билим берүүчү ар бир мекемеде кыйын кырдаал болуп кетсе эвакуация кыла турган план бар. Биринчи иретте балдарга кам көрүшөт. Эгерде баланы алып кетем деп баары жетип келсе, бул кичинекейлерди коопсуз жайга жеткирүүгө жолтоо кылат.

Дегеле кооптуу сирена угуп калсаңыз, эмне болуп жатканын билүү максатында ӨКМдин жергиликтүү башкармалыгына же администрациясына кайрыла койгон оң болот.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0