Боронов "Талды-Булак Левобережный" кенине барып, экологиялык маселени көтөрдү

© Пресс-служба правительства КРПервый вице-премьер-министр Кубатбек Боронов посетил месторождение Талды-Булак Левобережный в Кеминском районе
Первый вице-премьер-министр Кубатбек Боронов посетил месторождение Талды-Булак Левобережный в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кемин келечеги" коомдук фондусу түзүлгөндөн тартып "Алтын кен" райондун инфратүзүмдүк базасын, медицинасын жакшыртууга, курулуш иштерине дээрлик 2 миллион доллар которгон.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өкмөт кен иштетүүчү объектилердин ишин көзөмөлгө алып жана экономикага акча салчу инвесторлорду колдошу керек. Мамлекет менен инвестор каршылаш эмес, өнөктөш болууга тийиш. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов "Талды-Булак Левобережный" кенинде өткөн көчмө жыйында айтты.

Жыйында "Талды-Булак Левобережный" кенин иштеткен "Алтын кен" компаниясынын алтын иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелер талкууланган. 

© Пресс-служба правительства КР"Талды-Булак Левобережный" кенинде
Боронов Талды-Булак Левобережный кенине барып, экологиялык маселени көтөрдү - Sputnik Кыргызстан
"Талды-Булак Левобережный" кенинде

Боронов аталган кенде компаниянын өндүрүштүк планын ишке ашыруу учурунда бардык экологиялык жана техникалык ченемдерди аткаруу маанилүү экендигин айткан.

"Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында бул сыяктуу ишканалардын ишмердүүлүгүн объект жайгашкан жерди социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө аракеттештирүү багытына бурууну көздөйбүз", — деген Боронов.

Ал өкмөт менен "Centerra Gold Inc." ортосундагы стратегиялык келишимдин алкагында эки фонддун түзүлгөндүгүн, эми "Алтын кен" бул өңдүү фонддорду түзүүнү колдоп жаткандыгын кошумчалаган.

Маалыматта "Кемин келечеги" коомдук фонду түзүлгөндөн тартып "Алтын кен" райондун инфратүзүмдүк базасын, медицинасын жакшыртууга, курулуш иштерине дээрлик 2 миллион доллар которгону айтылган.

"Өкмөт кен иштетүүчү объектилердин ишмердүүлүгү боюнча маселени ар дайым өзгөчө көзөмөлдө кармайт. Муну менен бирге биз экономиканын ар кыл тармактарына өз каражатын салууну каалаган инвесторлорду колдошубуз керек. Мамлекет жана инвестор каршылаш же атаандаш эмес, өнөктөш болууга тийиш", — деген ал.

Боронов учурда алтын концентратын ташуу маселесин чечүү боюнча иштер жүрүп, концентраттын курамын аныктоо боюнча лабораториянын ишин жандандыруу маселеси иштелип жатканын билдирди.

Деятельность горнодобывающей компании Kumtor Gold Company в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Centerra компаниясына коруктагы 16 миң гектар жер берилдиби? "Кыргызалтындын" жообу
Эске салсак, "Алтын кен" жоопкерчилиги чектелген коому 2006-жылы катталган. Коомдун катышуучусу кытайлык "Суперб Пасифик Лимитед" Гонконг компаниясы, ал 60 пайыз үлүшкө ээ. Анын башкы компаниясы кытайлык "Цзыцзинь Майнинг" кен корпорациясы. Экинчи катышуучусу ишкананын уставдык капиталында 40 пайыз үлүшү бар "Кыргызалтын" ишканасы.

Бүгүнкү күнү аталган ишканада 1500 миңден ашуун кызматкер иштейт, алардын 95 пайызы Кыргызстандын жарандары. 2018-жылы кенде 3226 килограмм алтын өндүрүлгөн.

Мамлекеттин бюджетине салыктык, бажылык жана башка төлөмдөр боюнча чегерүүлөр 4 миллиард сомдун тегерегинде. 2019-жылы 3800 килограмм алтын өндүрүү пландалууда. Дүң киреше 12 миллиард сомду түзөт. Ошол эле учурда салыктан 13 миллиард сом түшөрү пландалган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0