Чалдоварда УКМКнын кызматкерлерин ташка алган факты боюнча үч киши кармалды

Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети атайын операция учурунда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө белгисиз кишилер таш ыргытканын айтышкан.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү "Чалдовар" көзөмөл өткөрүү пунктундагы бейбаштык боюнча үч кишини шектүү катары кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Глава ГКНБ Бусурманкул Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
Батукаевдин иши тергелип бүтүп, УКМКнын экс-жетекчисине издөө жарыяланды
Белгилей кетсек, "Чалдовар" көзөмөл өткөрүү пунктунда 28-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү менен жай тургундардын ортосунда кагылышуу болгону белгилүү. УКМК атайын операция учурунда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө белгисиз кишилер таш ыргытканын айтышкан. Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү топтошкон элди тынчтандыруу үчүн асманга ок чыгарган. Бир нече чекист ооруканага кайрылган.

Окуя болгон жерге милициянын атайын тобу барып, бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Кийин Мамлекеттик чек ара кызматы көзөмөл өткөрүү пунктунда машыгууларды өткөргөнүн расмий түрдө билдирген.

"УКМКнын өкүлдөрү менен келишпестикке барган үч кишинин ким экени аныкталды. Алар 29 жаштагы Б.А., 26 жаштагы Т.Б. жана 23 жаштагы А.Ч. экени белгилүү болду. Панфилов райондук сотунун чечими менен эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жаңжалга катышкан башка кишилерди аныктоо боюнча аракеттер жүрүп жатат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0