Жыл аягына чейин өлкөдө аталышы жок көчө калбайт

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области
Село Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдиргендей, Кыргызстанда аталышы жок көчөлөр 5,3 пайызды түзөт.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. 2020-жылкы эл жана турак жай фондун каттоого чейин өлкөдөгү бардык аталышы жок көчөлөргө ат берүү пландалып жатат. Бул тууралуу иш-чараны утурлай өткөрүлгөн жыйында айтылганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Келерки жылдын 1-январына чейин аталышы жок көчөлөргө ат берип, үйлөрдүн номерлерин илүү пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Зоны самообслуживания в ЦОН Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Калкты тейлөө борборлорунда эл өзүнө өзү кызмат көрсөтө баштады. Жол-жобосу
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдиргендей, Кыргызстанда аталышы жок көчөлөр 5,3 пайызды түзөт. Алар Бишкек шаарында, Ош, Талас жана Баткен облустарында жайгашкан.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 27-мартынан тарта Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо жүрөт. Иш-чараны өткөрүү үчүн 25 миң киши атайын окуудан өтүп, кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0