2-октябрда Бишкектин 29 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

© Фото / PixabayОтключение света в КР
Отключение света в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер үйлөрдүн короолорунун ичиндеги тармактарды оңдоп-түзөп, көмөк чордондорун бир ирет текшерип коюу максатында рейд жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Борбор калаада 2-октябрда бир нече көчөлөрдө электр кубаты жок боло тургандыгын "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Адистер үйлөрдүн короолорунун ичиндеги тармактарды оңдоп-түзөп, көмөк чордондорун бир ирет текшерип коюу максатын көздөгөн.

Электр кубаты төмөнкү көчөлөрдө болбойт:

2:00 - 2:30 — Кулатов, Ибраимов, Бөкөнбаев, Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрүнүн бөлүктөрү;

9:00 -17:00 — 12-кичирайондогу №38 үйдө, төртүнчү кичирайондогу №4А дарегинде, Раззаков көч. №6;

9:00 - 18:00 — Панфилов, Логвиненко, Токтогул, Махатма Ганди көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Караван, Новосибирск жана Кызыл-Ордо туюк көчөлөрү;

9:30 - 17:00 — Арча-Бешик (Горная, Садырбаев, Бишкекке 125 жыл көч.) жана Чоң-Арык айылындагы Семетей көч. №154 үй;

9:30 - 18:00 — Каракөл, Медеров жана Оренбург көч. бир бөлүгүндө;

9:30 -19:00 — Көк-Жар жаңы конушу (Куйручук, Ахунбаев, Шабдан баатыр көч.) жана  Эне-Сай конушу;

10:00 -18:00 — Кайынды жаңы конушу (Чалбай, Керамика көч.), Кара-Жыгач (Оберон, Шаты, Бегматов көч.) жана Алтын-Ордо конуштары (6, 7, 8-көч.).

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0