Эскертүү! Бишкекте таштанды өрттөгөндөр 23 миң сом айыпка жыгылат

© пресс-служба мэрии города БишкекШтраф на мусор в неустановленном месте в Бишкеке
Штраф на мусор в неустановленном месте в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таштанды өрттөгөндөр Эреже бузуулар боюнча кодекстин 71-беренеси менен 23 миң сомго чейинки айыпка жыгылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы таштандыларга өрт койбоону суранып, айып 23 миң сомго чейин жетерин эскертти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жалбырактарды, таштандыларды өрттөгөн фактылар катталууда.

"Урматтуу шаардыктар! Жалбырактан же желимден чыккан түтүндөн ис уруп, адамдын ден соолугуна зыян алып келет. Ошондой эле аба булганып, шаардагы биологиялык түрдүүлүк жабыркайт", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, таштанды өрттөгөндөр Эреже бузуулар боюнча кодекстин 71-беренеси менен 23 миң сомго чейинки айыпка жыгылышы мүмкүн.

Мэрия эреже бузгандарды көрүп калгандар болсо 0(312) 65 81 59 номерине кабарлап, сүрөт, видеолорун WhatsApp-каналына (0505 888 315) жиберүүнү суранат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0