13:22 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Буюртма макала, кооптуу кесип. Депутат Шыкмаматов журналист Бакашевадан маек алды

Буюртма макала, кооптуу кесип. Депутат Шыкмаматов журналист Бакашевадан маек алды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Өзгөчө интервью (7)
841 0 0

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кезектеги "Өзгөчө маегинде" Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов журналисттин ролунда болуп, аталган агенттиктин журналисти Бегимай Бакашева менен баарлашты.

Эл өкүлү Шыкмаматов бул маекте бирде күлдүргөн, бирде ойго салган суроолорду узатты. И баса, депутат журналисттер Жогорку Кеңешке көбүрөөк шайланып келсе, парламентаризм өнүкмөк деген пикирин билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов: Бегимай, саламатсыңбы? Студияга кош келипсиң! Мен билгенден журналистикага келгениңе 10 жылдай убакыт болду окшойт. Мен билбеген да жылдар бар да, ушул тармакта жүргөнүңө канча жыл болду?

Бегимай Бакашева: —Туура эле баамдагансыз, 12 жылга аяк басты. 

Журналист Sputnik Кыргызстан Бегимай Бакашева во время интервью в рамках проекта Интервью наоборот
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Өлкө үчүн бир пайдалуу иш кылып, жок дегенде жүктүн бир четин кошо тартышышым керекпи деген ой пайда болот", — деди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Бегимай Бакашева

А.Ш.: — Мен маалыматка абдан муктаж адамдардын биримин, ансыз тура албайм. Азыр кооптуу кесиптердин тизмеси бар эмеспи. Журналистика да анын бирине кирет. Алар көп учурда коррупциялык схемаларды ачат, бийлиги, байлыгы, таасири бар адамдардын каарына калат. Айтор, опурталдуу жумуш. Ушул нерселер сени кооптондурбайбы? Ат тизгинин буруп, "тойдум байдын кызына" деп башка кесипке өтүп кеткенди каалабайсыңбы?

Б.Б.: —Азырынча башка тармактан өзүмдү көрө элекмин. Балким, убакыт өткөн сайын каалоо өзгөрөттүр. Негизи кесиптештер 35-40ка чукулдап калганда эч нерсе жазгың келбей калат дешет. Менде азыр башка жакка кетүү боюнча ой жок.

А.Ш.: — Бирок кээде карасаң, бир катарлары 70 пайызга бурулуп, жалкоолонуп жазгысы келбей калса, тескерисинче, бир даары курчуп, макалалары салмактуу болуп, күчтүү, терең темаларды жазып калат го. Булар өз кесибин катуу сүйгөндөр го, ээ? Же алар таланттууларбы?

Б.Б.: — Балким, андайлар бардыр. Албетте, журналист болуп туулгандар болсо керек да.

А.Ш.: — Кесибиңдин маанилүү,  эл-журтка өтө керектүү экендигин жан дүйнөң менен сезе аласыңбы? 

Б.Б.: — Кээ бирлер керели-кечке иштесең деле жыйынтыгы көзгө көрүнбөйт дешет го. Биздики андай кесипке кирбейт да. Журналистика коомдун пикирин өзгөртүп, керек болсо таптакыр башка нукка буруп салган чоң күч эмеспи.

А.Ш.: — Бүгүн эле сага тиешелүү бир тараптан кайрылып, жөндөмүң бар экен деп бир райондун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басарлыгын сунуштаса эмне кылар элең?

Б.Б.: —Мамлекеттик кызматта иштегим келет. Анткени журналисттик чыйырым башталганда КТРКда бир аз эмгектенип, андан кийин мамлекетке карабаган ЖМКларда иштеп келе жатам. Бир учурда өлкө үчүн пайдалуу иш кылып, жок дегенде жүктүн бир четин кошо тартышышым керекпи деген ой пайда болот экен.

Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов во время интервью в рамках проекта Интервью наоборот
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алмамбет Шыкмаматов: Жогорку Кеңеште 10 чакты күчтүү журналист болсо, парламентаризмдин жылышына чоң таасир этип, азыркы деңгээли жогоруламак

А.Ш.: — Бегимай, бир нерсени байкайм да. Ар бир киши өзүнүн тармагында жүргөндө, маселен, милиция же сот болобу, айтор, тажрыйба топтоп, кесипкөйлүк касиеттерге ээ болот. Ал эми журналистикада 10-15 жыл жүргөн адам кандай кесиптик өзгөчө сапаттарга ээ болот?

Б.Б.: — Менимче, мерезирээк болуп калат го. Себеби күндө ар кандай жаңылыктарды — жаманын, жакшысын, кубанычтуусун, кайгылуусун, айтор, баарын жүрөктөн өткөрөт. Башында Балдар үйүн көрсөң, бирөөнүн жаш кетип калганын уксаң деле ошону кечке ойлонуп, жүрөгүң тилинип жүрө бересиң. Бара-бара өтө трагедиялуу нерсе болбосо эле, кабарды угуп, жазып коюп, ошол бойдон унутуп каласың. Кээде "ой тобо-оо, мен ушунчалык мерез болуп калдымбы?" деп өзүңө-өзүң таң каласың.

А.Ш.: — Ооба, милициялар көп нерсени көрүп, соттор соттой берип, хирург-дарыгерлер адамды кескилей берип мерез болуп калдык дешет. Менин жеке баамым башкача. Парламенттеги бул чакырылышта журналисттер көп. Байкаганым, журналисттик кесип аларды коомдогу көйгөйлөргө өтө сезимтал кылып салгандай сезилет. Биз, башка депутаттар алардай сезгич боло албай калганыбызды туям. Алар коомдогу вибрацияларды дароо байкайт. Ар бир кесип өзүнүн изин калтырат. Күнүгө сегиз-тогуз саат коомдук пикирди чагылдырып, эл эмнени күтүп, эмнени жактырбай жатат деген нерсени күнүгө жүрөктөн өткөрөсүңөр да. Маселен, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев үчөөнөн коомдогу тенденцияга абдан сезимтал болгонун көрүп турам. Бул журналисттик кесиптин адамга берген таасири го дейм. Сен ушуну байкайсыңбы?

Б.Б.: — Туура, андай жактар бар. Албетте, кесип из калтырат да, ансыз болбостур.

А.Ш.: — Азыр бир сыйкырдуу күч болуп, 18 жашыңа кайра келип, каалаган кесибиңди танда десе эмне кылат элең? Ушунча убакытты бекер коротупмун деген өкүнүч болобу?

Б.Б.: — Журналистикадан башка тармакта өзүмдү элестете албайм.

А.Ш.: — Жумушуңда сен үчүн эң татаал нерсе эмне?

Б.Б.: — Жакынын жакында эле жоготкон адам менен такыр сүйлөшкүм келбейт. Кээде киши колдуу болгон же кырсыктан көз жумган адамдардын ага-тууганы же ата-энеси менен сүйлөшүп маалымат алыш керек болот. Ошондо кыйылып жатып араң телефон чалам. Алар ушул учурда журналистке айтар кеби барбы деп бушайман боло берем.

А.Ш.: — Журналист катары мамлекеттеги сөз эркиндиги боюнча саясат, мыйзамдар сени канааттандырабы?

Б.Б.: —Мени журналист катары Кыргызстандагы сөз эркиндиги толук канааттандырат. Иш учурунда кандай учур болбосун издеген адамга тартынбай  телефон чалып, соболубузду бере алабыз. Маселен, түн ичинде бир окуя болуп кетсе, тиешелүү министрлерге, анын орун басарларына чыгып, издеген комментарий же маалымат дароо колго тиет. Маалымат өз учурунда аткаминерден улам колго тийбей калса, аларды зекип болсо да, сындап болсо да, улам байланышып болсо да сүйлөтүп алабыз. Биздин, Кыргызстандын журналисттеринде бул жаатта мүмкүнчүлүктөрү жакшы. Ошол эле Казакстандагы кесиптештерден уксак, жөнөкөй эле маалыматты алыш үчүн расмий кат жолдоп, аны күтүп... акырында берсе берет, бербесе жок экен.

Анан дагы бир жагдайлар болот. Мамлекеттик кызыкчылыкка туура келбеген же коомдо дестабилизация жаратпашы үчүн унчукпай койгонго туура келет эмеспи. Ал кадыресе эле көрүнүш болсо керек. Эми суроомду мен узатайынчы, ал эми сиз сөз эркиндигинин биздеги абалына эл өкүлү катары кандай карайсыз?

Журналист Sputnik Кыргызстан Бегимай Бакашева во время интервью в рамках проекта Интервью наоборот
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Жакынын жаңы эле жоготкон адам менен такыр сүйлөшкүм келбейт...", — деди Бегимай Бакашова журналисттик ишиндеги оош-кыйыштар туурасында айтып берип жатып

А.Ш.: — Мен жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтин төртүнчү бутагы дегенге кошулам. Мисалы, парламенттин өкүлү катары журналисттерден ийменем, чочуп турам. Качан келип оңтойсуз суроо узатып жиберет дейм. Жооп берип жатканда уят болуп калбайын деп ар дайым чыйралып турам. Ошондуктан "журналистика бийликти көзөмөлгө алды" деп эл үчүн, мамлекет, улут үчүн бир канааттануу бар. Мен саясатчы катары айттым, ал эми сен өзүңдүн күч экениңди, бийликтин өкүлү болгонуңду сезесиңби?

Б.Б.: — Мен сизге жооп берүүдөн мурда бир суроо берип алайынчы. Журналисттерден чочулап турам деп жатпайсызбы. Акыркы жолу кайсы журналист телефон чалганда жооп бербей, качып койдуңуз?

А.Ш.: —Журналисттер чалса тоготпогондук кылбайм, телефонду көтөрбөй коё албайм. Жогоруда айткандай, аларды өзүмө каршы койгум келбейт. Керек болсо оңтойсуз суроо бергенде, кээде кимдир бирөөлөр буйрук кылып сураттырабы, айтор, ар кыл учурлар болушу мүмкүн эмеспи ошондо да чычалабайм. "Ушул чынбы" деп кайра-кайра собол узатканда деле катуу айта албайм. Көз алдымда журналистика, сөз эркиндиги тартылып турат. Негизи эле айтканда, коомдо журналистиканын күчтүү, таасирдүү болгону баарыбыз үчүн жакшы.

Б.Б.: — Бул суроону берип жатканым, жакында эле үч-төрт окуя болду. Жогорку Кеңеште чоң эле, фракциялардын биринин жетекчилигинин деңгээлиндеги депутатка чалсам, алды. Эми алды-кийин чалып жүргөндөн кийин үнүн тааныйсың да. Атын, атасынын атын айтып кайрылсак, "ии, кандайсың" деп учурашты. Бир маселе боюнча сурообуз бар эле десек, үнүн өзгөртүп да койбой, "аа, мен ал эмесмин, жардамчысымын, анан чалгыла" деп өчүрүп койду. Амбициясы аттын башындай, эл алдында, эл көзүндө жүргөн киши эмнеге мындай мамиле кылат деп таңгалдык.

Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов во время интервью в рамках проекта Интервью наоборот
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Журналисттер телефон чалса тоготпой, албай коё албайм. Аларды өзүмө каршы койгум келбейт", — дейт ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматов

А.Ш.: — Эми кээде болот да. Бериле турган суроону билесиң, ага жообуң жок. Мындай жооп берсең да, тигиндей жооп берсең да уят болосуң, анан унчукпай эле коеюн десе керек...

Мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кечээги досторуна, КСДП фракциясына "силерди сатып кетти деп жатат" деген маанайда суроо берип чалганда эмне деп жооп берет эми. Эгерде "жок, мен аны колдогон эмесмин" десе, калпы чыгып калат. "Жо-оок, мурда колдоп жүргөм, азыр сатып кеттим" десе, элге уят болот. Эми мен бир мисалды айтып жатканым да...

Б.Б.: —Эми жогорудагы сурооңузга жооп берейин.

Биздин төртүнчү бийлик экенибиз көп эле учурда сезилет. Мындан бир нече ай мурда айыл чарба министри Нурбек Мурашев картошка чуусу менен кызматтан кетти. Буга чейин аталган тармактагы кемчилик, жасалбай жаткан иштерди сындап журналисттер журту көп эле жазып келди. Дыйкандардын мээнети текке кетип, өндүргөн картошкасын сата албай калбадыбы. Бийликке жеткидей кылып, керек болсо креативдүү түрдө көрсөтөлү деген аракет болду. Биздин журналист министрдин кабинетине чириген картошканы көтөрүп кирип, дыйкандардын күйүп кеткен эмгеги үчүн собол узатты. Ушул ыкмадан жакшы майнап болду, башка ЖМКлардын журналисттери биздин ошол материалды пайдаланды, өкмөт башчы да буга реакция кылды. Ишин эптей албаган министрдин кызматтан кетишине аздыр-көптүр ошол макаланын, биздин журналисттин аракетинин таасири тийгендир. Ушундай сыяктуу окуялар көп.

А.Ш.: — "Бегимай, муну жамандап койчу" деген буюртма макала кылган адамдар болду беле?

Б.Б.: —"Жамандап койчу" дегендер деле журналистти сураштырат да. Көз карашына, принциптерине кызыгып көрсө керек. Жеке мага андай маанайдагы кайрылуулар болгон эмес. Саясий багыттагы макаланы өтө сейрек жазам. Өзүм социалдык жана экономика темасына басым жасайм. Менин билишимче, социалдык тармактарда  сиз айткандай, чөнтөгүнө тыйын салып, тукуруп койсо, журналисттер калкын жаманатты кылып жатканы менен иши жок тызылдап иштегендер бар. Тилекке каршы, мындай көрүнүш дал ушул күндөрү кездешүүдө. 

Интервью наоборот. Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов и журналист Sputnik Бегимай Бакашева
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"Азыркы чакырылыштагы парламентке ичим чыкпайт. Кайдыгерлик күч, жалтаң, коркок. Олигархизация", — деди Шыкмаматов

А.Ш.: — Журналистиканын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын 4-бийлик деген позицияны ээлегени жакшы экендигин сүйлөштүк. Парламенттин өкүлү катары Жогорку Кеңеште мурдагы журналисттердин болгону жакшы экендигине Акаев, Момбеков, Касымалиевадан улам көзүм жетти. Саясатка баргың келбейби?

Б.Б.: — Саясаты жок эле жашайынчы (жылмайып).

А.Ш.: — Неге бул суроону берип жатам. Эгерде ЖКда 10 чакты күчтүү журналист болсо, парламентаризмдин өнүгүшүнө таасир этип, азыркы деңгээли жогоруламак. Ошол депутаттар рейтингде да алдыда жүрбөйбү. Анткени журналист өзү коомдук пикир менен иштеп, коомго таасир эткен адам катары парламентте дагы колунда бийлиги, микрофону, саясий таасири болгондон соң журналистика жамаатын ого бетер колдоп, күчтөндүрүп турат деп ойлодум. Мисалы, парламенттен Улан Эгизбаев деле саясий жардамды алып турган да.

Б.Б.: —Сиз журналисттер алдыга сүйрөйт эле деп жатпайсызбы, парламенттин азыркы курамына ичиңиз чыкпайбы?

А.Ш.: — Чынын айтайынбы, азыркы парламентке ичим чыкпайт. Кайдыгерлик күч, жалтаң, коркок. Олигархизация... Ошон үчүн мыктылар, журналисттер, медиктер келсин деп мыйзам иштеп чыгып жатпайбызбы.

Тема:
Өзгөчө интервью (7)

Тема боюнча

Раев Балыбаевден интервью алды. Айтматовду билбеген журналист, ыйманга аралашкан дин
Сурабалдиева Эркин Рыскулбековдон интервью алды. Эрте кеткен эркектер, кооптуу карылык
Белгилер:
маек, журналист, Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ