10:47 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Баткен облусундагы Лейлек району менен Тажикстандын Бабажан Гафуров районун байланыштырган көпүрө кайрадан курулуп, пайдаланууга берилди

Баткенди Тажикстан менен байланыштырган көпүрө оңдолду. Сүрөт

© Фото / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
168 0 0

Көпүрө эки жыл мурун Тажикстанга көмүр алып кирип бараткан унааны көтөрө албай түшүп кеткен. Ошондон бери Лейлек районунан Тажикстандын Гафуров районуна автоунаа каттамы токтогон.

ОШ, 1-окт. — Sputnik. Баткен облусундагы Лейлек району менен Тажикстандын Бабажан Гафуров районун байланыштырган көпүрө кайрадан курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы билдирди.

  • Открытие моста соединающего Лейлекский район Кыргызстана и район Бабажана Гафурова Таджикистана
    Баткен облусундагы Лейлек району менен Тажикстандын Бабажан Гафуров районун байланыштырган көпүрө кайрадан курулуп, пайдаланууга берилди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Открытие моста соединающего Лейлекский район Кыргызстана и район Бабажана Гафурова Таджикистана
    Жарактан чыккан көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери биргеликте иш алып барып, бирдей каражат чыгарышкан
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Открытие моста соединающего Лейлекский район Кыргызстана и район Бабажана Гафурова Таджикистана
    Пайдаланууга берилген көпүрөнү жергиликтүү бийлик "Достук көпүрөсү" деп атап, ачылыш аземине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзода катышты
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Открытие моста соединающего Лейлекский район Кыргызстана и район Бабажана Гафурова Таджикистана
    Алар чек арадагы элди ынтымакка чакырып, "Достук көпүрөсү" ушул аймакта жашаган кыргыз жана тажик эли үчүн маанилүү курулуш болгонун белгилешти.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Фото / Зульфия Тургунова
Баткен облусундагы Лейлек району менен Тажикстандын Бабажан Гафуров районун байланыштырган көпүрө кайрадан курулуп, пайдаланууга берилди

Эске сала кетсек, мындан эки жыл мурун аталган көпүрө Тажикстанга көмүр алып бараткан жүк ташуучу унааны көтөрө албай түшүп кеткен. Кырсык айдоочу машинаны чек ара постунан өткөрүп, эски көпүрөнүн үстүнө токтотуп коюп, документтерин чек арачыларга текшертүүгө кеткенде болгон. Эч ким жабыр тартпаганы менен унаа көпүрөнүн алдына оодарылып түшүп кеткен. Бул көпүрө Тажикстандын Кожобакыр суусуна курулган. Анын жарымы сынып калгандыктан, ошол күндөн бери Лейлек районунан Тажикстандын Гафуров районуна автоунаа каттамы токтотулган. Болгону жөө адамдар каттап келген.

Жарактан чыккан көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери биргеликте иш алып барып, бирдей каражат чыгарышкан.

Пайдаланууга берилген көпүрөнү жергиликтүү бийлик "Достук көпүрөсү" деп атап, ачылыш аземине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзода катышты.

Алар чек арадагы элди ынтымакка чакырып, "Достук көпүрөсү" ушул аймакта жашаган кыргыз жана тажик эли үчүн маанилүү курулуш болгонун белгилешти.

Көпүрөнүн узундугу — 12, туурасы — 8 метр.

Тема боюнча

Баткенде көмүр ташып бараткан унааны көпүрө көтөрө албай түшүп кетти
Баткенде чоң унааны көтөрө албай талкаланган көпүрөнүн видеосу
Белгилер:
көпүрө, чек ара, Тажикстан, Баткен

ЭҢ МААНИЛҮҮ