Үч жолу эгиз төрөгөн Наргиза: "балдарың көп экен" деп көбү батир бербейт

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНаргиза Майрамбек кызы уул-кыздары менен
Наргиза Майрамбек кызы уул-кыздары менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26 жаштагы Наргиза Майрамбек кызы үч жолу эгиз төрөгөн. Тун уулун кошкондо жолдошу экөөнүн жети баласы бар.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган бүлөнүн жашоо-шарты менен таанышып, эгиздердин энеси менен маектешип келди.

Жаш үй-бүлө Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштардын биринде батирде турат экен. Биз барган маалда кепедей болгон эки бөлмөлүү үйдүн кире беришинде балдар чурулдап ойноп жатыптыр. Төркү бөлмөдө жаш эне эгиздер менен алек экен. Бирин алса, экинчиси ыйлап, айтор, жаны тынбай жатканынан жай отуруп деле сүйлөшө алган жокпуз. Экөөбүз эки баланы алдыбызга алып баарлашууга туура келди.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТөркү бөлмөдө жаш эне эгиздер менен алек экен. Бирин алса, экинчиси ыйлап, айтор, жаны тынбай жатканынан жай отуруп деле сүйлөшө алган жокпуз.
Үч жолу эгиз төрөгөн Наргиза: балдарың көп экен деп көбү батир бербейт - Sputnik Кыргызстан
Төркү бөлмөдө жаш эне эгиздер менен алек экен. Бирин алса, экинчиси ыйлап, айтор, жаны тынбай жатканынан жай отуруп деле сүйлөшө алган жокпуз.

— Жети баланы кароо оңой болбосо керек?

— Улуу балам сегиз жашта. Ошол кичине кол арага жарап, каралашат. Булар (жаңы төрөлгөн ымыркайларды көрсөтүп) уктаганда эптеп башкаларынын курсагын тойгузам. Кээде өзүм деле тамак ичпей калам. Улуу балабыз эле мектепке барат. Калгандары үйдө, бакчага бергенге шартыбыз жок.

— Балдарыңыздын ортосу канча жаштан айырма?

— Тун уулубуз сегиз жашта, 2-класста окуйт. Экинчиси эгиз кыздар беш жашта. Андан кийинки эгиздер төрт жашта, бири уул, экинчиси кыз. Ал эми бул кичинекейлердин төрөлгөнүнө бир ай болду. Экөө тең эркек. Ошондо төрт эркек, үч кыз болду. Үч эгизди тең операция жолу менен төрөгөм.

— 26 жашыңызда эле баатыр эне болгон турбайсызбы. Үч жолу эгиз төрөгөндөрдү биринчи жолу эшиттим.

— Өзүбүз деле таң калып бүтө албай жатабыз. Эркек балабыз үчкө чыкканда эгиз кыздуу болуп аябай кубанганбыз. Андан кийин кайра боюма бүтүп калды. УЗИге барып түшсөк эгиз деди. Ошентип бир жылдан кийин эле кайра бир уул, бир кыз кылып экини төрөдүм. Балдар удаа болгонго аябай кыйналдык. Бирок бул да болсо Кудайдын бергени экен. Төрт жылдан кийин кайра эгиз уулдуу болуп төбөбүз көккө жетти. Үчүнчү эгиздерди укканда күйөөм экөөбүз тең ишенбей, УЗИден көрүп анан ынанганбыз.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЖаш жубайлар жети баласы менен кепедей болгон батирде күн кечиришет
Үч жолу эгиз төрөгөн Наргиза: балдарың көп экен деп көбү батир бербейт - Sputnik Кыргызстан
Жаш жубайлар жети баласы менен кепедей болгон батирде күн кечиришет

— Тукумуңарда эгиздер барбы?

— Ооба, мен тарапта эгиз инилерим бар. Үчүнчүлөрүн төрөгөндө акушер-гинеколог, балдар дарыгерлери да таң калды. Айрымдары ырым кылып кийимдерин алып калышкан.

— Жолдошуңуз кайда иштейт?

—Туруктуу жумушу жок. Көбүнчө курулуш иштерине жардам берет. Бирок ал убактылуу иш экен, кышкысын токтоп калганда кыйын эле болуп калат. Үчүнчү эгиздерди төрөй электе идиш жууп кичине акча таба калчумун. Эми такыр эле үйдө отуруп калдым.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНаргиза Майрамбек кызы: Батирден батирге көчүп конуп жүрөбүз. Азыр көп балаң болсо, оңой менен батирге да киргизбейт. Дароо эле "канча балаңыз бар?" деп сурашат. Бештен ашык экенин айтсаң, телефонду өчүрүп коёт. Бул үйдү да эптеп тапканбыз.
Үч жолу эгиз төрөгөн Наргиза: балдарың көп экен деп көбү батир бербейт - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Майрамбек кызы: Батирден батирге көчүп конуп жүрөбүз. Азыр көп балаң болсо, оңой менен батирге да киргизбейт. Дароо эле "канча балаңыз бар?" деп сурашат. Бештен ашык экенин айтсаң, телефонду өчүрүп коёт. Бул үйдү да эптеп тапканбыз.

— Бул батирби?

— Ооба, өз үйүбүз жок. Батирден батирге көчүп конуп жүрөбүз. Азыр көп балаң болсо, оңой менен батирге да киргизбейт. Дароо эле "канча балаңыз бар?" деп сурашат. Бештен ашык экенин айтсаң, телефонду өчүрүп коёт. Бул үйдү да эптеп тапканбыз.

— Канча төлөйсүздөр? Эч кандай шарты жок го...

— Айына 3000 сом. Жолдошумдун тапканы батирге, анан чайга өп-чап жетет. Айла жок, ушундай шартта жашаганга туура келип жатат. Кышка чейин бул жактан да көчөбүз го. Анткени бул үй уулубуздун мектебине бир аз алыс болуп калат экен.

— Балдарга жөлөк пул аласызбы?

— "Туруктуу жашаган жериңиз жок" деп берилчү эмес. Жакында эле Ленин райондук администрациясына арыз жазып келдим. Анысы качан бериле баштайт, билбейм.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНаргиза Майрамбек кызы: Тун уулубуз сегиз жашта, 2-класста окуйт. Экинчиси эгиз кыздар беш жашта. Андан кийинки эгиздер төрт жашта, бири уул, экинчиси кыз. Ал эми бул кичинекейлердин төрөлгөнүнө бир ай болду. Экөө тең эркек. Ошондо төрт эркек, үч кыз болду. Үч эгизди тең операция жолу менен төрөгөм.
Үч жолу эгиз төрөгөн Наргиза: балдарың көп экен деп көбү батир бербейт - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Майрамбек кызы: Тун уулубуз сегиз жашта, 2-класста окуйт. Экинчиси эгиз кыздар беш жашта. Андан кийинки эгиздер төрт жашта, бири уул, экинчиси кыз. Ал эми бул кичинекейлердин төрөлгөнүнө бир ай болду. Экөө тең эркек. Ошондо төрт эркек, үч кыз болду. Үч эгизди тең операция жолу менен төрөгөм.

— Сүйүнчү пулчу?

— 4000 сомдон сүйүнчү акчаны алдык. Буга чейин эки жолу эгиз төрөгөндө президентке эки ирет кат жазганбыз. "Жерге документ топтогула" деген жооп келген. Андан кийин Ленин райондук администрациясына барсак "кезекке тургандар көп, силерге кезек келбейт" деп коюшкан. Бизге окшогон жаш үй-бүлөлөрдүн көйгөйү эле үй болсо керек. Күйөөм экөөбүз тең Кочкордон болобуз. Ал жакта жашайлы десек жумуш жок. Азырынча өз арбайыбызды ушинтип өзүбүз согуп жатабыз. Үч же төрт эм төрөгөндөргө мамлекет жакшы эле кам көрөт экен. Үч жолу эгиз төрөгөндөргө андай жардамдар каралган эмес окшойт.

P.S.: Эгиздердин энеси менен сүйлөшкөнчө бир бөлмөдө тыгылган балдар үйдү үч көтөрүп ойношту. "Короого көп чыгарсам кожоюн жаман көрөт" дейт апасы. Ымыркайлардын бири уктаса, бири ойгонуп, улуулары улам бири келип өөп кетип жатышты. Ал арада биздин да сапар карыды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0