04:05 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1784 0 0

Twitter тармагынын колдонуучулары сүрөттөн жырткычты издеп таппагандары өзүн жемелешүүдө. "Менин мээм иштебейт окшойт" дегендер да чыкты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары жаңы баш катырманы кызуу талкууга алып жатышат. Тагыраагы, сүрөттөн леопардды издешүүдө.

Twitter тармагынын Bella lack аттуу колдонуучусу ага тааныштары сүрөт жиберип, андан жырткычты табууну суранышканын билдирген. Бирок ал бул тапшырманы аткара албай койгон.

​Колдонуучулар леопард сүрөттүн кайсы жеринде экенин издеп баш катырышууда. Resister Dog деген киши сүрөттүн алдына "леопардды издеп жатып башым ооруп чыкты" деп жазган.

Zack Ickowicz болсо жоопту таба албай акылдан айнып калганын билдирди.

"Мен муну тапканча бул дүйнө менен коштошуп кетет окшойм", — деди Laura Jennings.

Antoonna аттуу колдонуучу "менин мээм иштебейт окшойт" деп өзүн жемелеп кирди.

Бирок сүрөттөн жырткычты таап алгандар дагы болду. Көрсө леопард бактын сол тарабындагы чуңкурга жатып алган экен.

Тема боюнча

Антилопа музоосуна кол салган чөөлөргө сес көрсөтүп... Жүрөк тилген видео
Белгилер:
Сүрөт, леопард, жырткыч

ЭҢ МААНИЛҮҮ