Бишкекте айдоочу жолго сыр төгүп алып, айыпка жыгылды

Жазылуу
Сыр төгүлгөн жолго кум төгүлүп, дем алыш күндөрү "Тазалыктын" кызматкерлери кол менен тазалап чыгышты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкекте микроавтобустагы сыр жолго төгүлүп кетип, айдоочу 20 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 27-сентябрь күнү кичи автобустун айдоочусу Эркиндик менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен тормозду баса калганда ичиндеги челектерге куюлган ак түстөгү сыр жолго төгүлүп калган. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте микроавтобустагы сыр жолго төгүлүп кетип, айдоочу 20 миң сом айыпка жыгылды
Бишкекте айдоочу жолго сыр төгүп алып, айыпка жыгылды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте микроавтобустагы сыр жолго төгүлүп кетип, айдоочу 20 миң сом айыпка жыгылды

Жолго алгач кум төгүлүп, дем алыш күндөрү "Тазалыктын" кызматкерлери кол менен тазалап чыгышкан.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, инспекторлор унааны айып короого токтотуп, айдоочу 20 миң сом төлөмөр болду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0