Айтматовдун чыгармаларын швед тилине которгон жазуучу Бишкекке келет

Жазылуу
Блумквист Айтматовдун "Гүлсарат", "Ак кеме", "Жамийла" баштаган 11 чыгармасын швед тилине которгон.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук китепканада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын которгон швед жазуучусу жана котормочусу Ларс Эрик Блумквист менен жолугушуу болот. Бул туурасында аталган китепканадан кабарлашты.

Блумквист Айтматовдун "Гүлсарат", "Ак кеме", "Жамиля" баштаган 11 чыгармасын швед тилине которгон.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алгач немисче жарык көргөн. Айтматовдун "Балалыгым" баяны тууралуу 7 факты
Мындан сырткары, ал Советтер Союзунун Чыгыш блогу менен болгон мамилеси туурасында "Албания негизги саясатта", "Сталинден кийинки орус адабияты" деп аталган саясий, адабий эмгектери менен таанымал.

Блумквист Кыргызстанга соңку ирет 1980-жылдары келгени айтылган.

Анын орус адабият өкүлдөрүнүн ичинен Михаил Булгаковдун "Мастер жана Маргаритасын" которгон эмгеги абдан ийгиликтүү болгон.

Бул сапарында анын чыгармачылыгына кызыккан адамдар менен гана жолукпастан, Айтматовдун эмгектери боюнча семинар өткөрө тургандыгы да кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0