23:42 08 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
23701

Бишкектин Токтоналиев жана Медеров көчөлөрүн байланыштырган көпүрө 20-сентябрда колдонууга берилген. Жаңы объектинин сапатын вице-мэр Уланбек Азыгалиев текшерген болчу.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ордо калаанын Токтоналиев көчөсүндөгү Ала-Арча суусуна салынган көпүрө ишке берилгенине сегиз күн болду. Анын бүгүнкү абалына кабарчыларыбыз барып саресеп салышты.

  • В Бишкеке в тестовом режиме открыли новый мост на улице Токтоналиева
    Ордо калаанын Токтоналиев көчөсүндөгү Ала-Арча суусуна салынган көпүрө ишке берилгенине сегиз күн болду
    © Фото / Аман Бакиров
  • В Бишкеке в тестовом режиме открыли новый мост на улице Токтоналиева
    Көпүрөнүн узундугу 36 метрди түзөт. Туурасы 15 метрге жетсе, тротуарларды кошкондо 21,5 метрге чамалайт
    © Фото / Аман Бакиров
  • В Бишкеке в тестовом режиме открыли новый мост на улице Токтоналиева
    Жаңы объект Аалы Токомбаев жолунан башталган Токтоналиев көчөсүн Медеровго чыгарып, Бишкектин күн чыгыш багытына чыгууга шарт түзөт
    © Фото / Аман Бакиров
  • В Бишкеке в тестовом режиме открыли новый мост на улице Токтоналиева
    Жөө жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү шарттар каралган. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга атайын пандустар төшөлүп, жол белгилери орнотулган
    © Фото / Аман Бакиров
  • В Бишкеке в тестовом режиме открыли новый мост на улице Токтоналиева
    Автоунааларга саатына 40 чакырым ылдамдык менен жүрүү белгиленген.
    © Фото / Аман Бакиров
1 / 5
© Фото / Аман Бакиров
Ордо калаанын Токтоналиев көчөсүндөгү Ала-Арча суусуна салынган көпүрө ишке берилгенине сегиз күн болду

Көпүрөнүн узундугу 36 метрди түзөт. Туурасы 15 метрге жетсе, тротуарларды кошкондо 21,5 метрге чамалайт. Жаңы объект Аалы Токомбаев жолунан башталган Токтоналиев көчөсүн Медеровго чыгарып, Бишкектин күн чыгыш багытына чыгууга шарт түзөт.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү шарттар каралган. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга атайын пандустар төшөлүп, жол белгилери орнотулган. Автоунааларга саатына 40 чакырым ылдамдык менен жүрүү белгиленген.

Негизги жумуштар бүткөнү менен коммуникациялык куурларды төшөө иштери уланып жатканын муниципалитеттен айтышты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Мэрия "Орто-Сай" базарында 20 соода жайды жоюп, эскертүү берди
Бишкекте автобустук жаңы каттам ачылат
Белгилер:
Бишкек, автоунаа, курулуш, жол, көпүрө

ЭҢ МААНИЛҮҮ