Бир тууганым мени жашоосунан чийип койду. Эжесине зар болгон кыздын каты

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында бир тууганынын жылуу сөзүнө зар болгон кыздын каты жарыяланды.

Тюрьма для женщин с детьми во Франции - Sputnik Кыргызстан
Балалуу келинге арзып калдым, бирок ата-энем каршы... Бойдок жигиттин каты
Саламатсыздарбы! Бул катты жазууга жарым жылдан берки ыңгайсыз абалым мажбурлады. Бир топ жылдан бери Россияда иштеп жүрөм. Жакшы жерге жумушка кирип алгам. Жакшы дегеним, акчасы укмуш эмес, бирок туруктуу, тынч. Кожоюндар менен мамилем жакшы. Кененирээк айтсам, армениялык үй-бүлөнүн кафесинде иштейм. Жогоруда айткандай, кожоюндар менен жакшы болуп калгандыктан, жумуш издеген тууган-туушкан, айылдаштарды дагы бул жакка чакыра берем. Айрымдар келип, чын эле жакшы иштеп кетишет.

Бир жыл мурда бир тууган эжем "балам Кыргызстанда жумушу жок жүрөт, Москвадан иш таап берчи" дегенинен өзүмдүн жаныма чакырып алгам. Башында жакшы эле иштемиш болду. Бара-бара жоро-жолдош таап, өзүмчө жашайм деп кетип калды. Алгач жумушка кечигип келип жүрүп, кийин келбей да калчу болду. Телефонун албай түп-орду менен жок болуп кеткенинен жашаган жерине издеп бардым. Өзү жок экен, бөлмөдө чогуу жашагандары такыр эле иштебей жүргөнүн, көп кишиге карыз болгонун айтышты. Жакшылап сураштырсам, баңгизат колдоно баштаптыр.

Албетте, башында байтааныш адамдардан укканда анысына ишенген эмесмин. Бирок жашаган үйүн кайтарып отуруп, акыры бир күнү өзүн таптым. Чындап эле өң-алаттан кетип калыптыр. Арык, көздөрү үңүрөйгөн, жүзүн ала качып кишини карабайт. Көпкө чейин кетирбей отурдум, акыры баңгизат колдонорун мойнуна алды.

Эмнеси болсо дагы жанымда болсун деп өзүм жашаган жерге алып кетип калгам. Жумушка кайра чык десем, макул болбой койду. Телефону тынбай, улам бирөө менен сүйлөшүп жатып, мен ишке кеткенде качып кетиптир. Андан кийин дагы 2-3 жолу издеп бардым, бирок таппай койдум. Биринчиден, жалгыз эжемдин уулу болсо (бизден кийин инилерибиз бар), экинчиден, мен жоопкерчилигин алып алгам да. Андыктан баласы акча салбай калганда, өзүмдүн акчамды анын атынан жиберип коюп жүрдүм.

Акыры эжеме чындыкты айтууга туура келди. Телефондон болгонун болгондой түшүндүрдүм. Эжем унчукпай эле телефонду коюп койгон. Байкушум баласына бушайман болуп жатат деп боорум ооруган. Көрсө ал баласына санааркабай эле, жаманатты кылып аткансып мага таарынып калыптыр. Ошондон бери арадан алты ай өттү. Чалсам да, жазсам дагы таптакыр жооп бербейт. Иниме "баламдан кутула албай жатса, жамандабай эле өзүңчө иште деп айтпайбы" дептир.

Отургучта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдызымды жакшы көрөм... Жесил кишинин каты
Жээнимди сураштырсам, дагы деле Москвада жүрөт дешти, мага кезиге элек. Баягы жерине дагы бир нече жолу сыртынан карап коеюн деп баргам. Бирок көрө алган жокмун.

Азыр өзүмдү аябай жаман сезип, чүнчүп кеттим. Тамакка табитим тартпай, уйкум каччу болду. Бир тууганың чындыкты кабыл албай, ушитнип жерип койгону жаман экен. Эжем экөөбүз кичине кезибизден сырдаш болчубуз. Ага болгон сырымды айтчумун. Азыр дагы сүйлөшүп чер жазгым келет, сагындым. Бирок ал мени жашоосунан чийип салгандай. Эми эмне кылсам? Кечирим сураш үчүн ишимди жыйыштырып коюп, Кыргызстанга барып келсемби? Барсам деле кабыл албай койсочу?

Перизат Калмаматова, психолог:

— Чындыгында психологго каттын автору эмес, анын эжеси кайрылчудай абалда экен. Психологияда "тануу", "моюнга албоо" деген түшүнүк бар. Адам реалдуу турмуштагы ачуу чындыкты кабыл алгысы келбеген учур. Каарманыбыздын мисалында анын эжеси өз уулунун кемчилигин, катасын көргүсү келбей жатат. Мисалы, бир адам экинчи адамды катуу сүйүп калган учурда анын кемчиликтерин такыр көрбөй калат эмеспи. Анын туура эмес кылган нерселери жөнүндө айткан адамды жаман көрөт. Бул жерде деле ошондой болуп жатат.

Запрет на вебкам-бизнес в КР - Sputnik Кыргызстан
Кызым вебкам-модель болуп кетиптир, эмне кылам? Жалгыз бой эненин даты
Автордун убайымга батып жүргөнүнүн себеби өтө жоопкерчиликтүү экен. Жанына чакырып алган жээнинин тагдырына санааркап жатат. Бул, албетте, жакшы көрүнүш, бирок ал өз саламаттыгы жөнүндө дагы унутпашы керек. Санаанын аркасынан ден соолугу начарлап бара жатканы байкалып турат. Экинчиден эжеси менен сырдаш болгондуктан, кандайдыр бир деңгээлде андан эмоциялык жактан көз каранды болуп турат. Менин адис катары берер кеңешим, автор эжесине убакыт бериши керек. Ал аралыкта өз камын көрүп, башка бир туугандары, курбулары менен жылуу мамиледе болгону жакшы. Ал эми бир туугандардын ортосундагы мамилени калыбына келтирүүгө эжесинин гана каалоосу керек. Ал болмоюн бардыгы бекер убара.

Жаңылыктар түрмөгү
0