Бишкекте автобустук жаңы каттам ачылат

Жазылуу
Мэриядан жеке компанияларга автобустар каттамынын 10 схемасы сунушталып, учурда аны карап, тандап жатышкандыгын айтышты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Борбор калаада автобустук жаңы каттам ачыларын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери "Шыдыр Жол KG" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, аларга каттамдын 10 схемасын сунушташкан.

Новый светофор установленный на одной из улиц Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы жол чырактар орнотулууда
Учурда компания эки маршрутту карап жатат, алар — Ак-Ордо-3 жаңы конушунан тарта Көк-Жар айылына чейинки каттам. Дагы бири Военно-Антоновка (Сокулук) — Ново-Покровка (Кант) маршруту.

Компания 2016-жылы кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлганда эле жаңы каттамды ачуу боюнча сурам жөнөткөндүгү айтылат.

Автобус каттамдарынын иши боюнча суроолор жаралса 0 (312) 53-48-24, 53-18-17 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0