Мэрия "Орто-Сай" базарында 20 соода жайды жоюп, эскертүү берди

Жазылуу
Мыйзам бузган жеке жарандар 3000 сом, ал эми юридикалык тарап болсо 13 миң сом төлөрү айтылды. Мэрия шаардыктарды соода эрежелери менен борбор калаанын аймагына жарнама илүү эрежесин бекем сактоону өтүнүүдө.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Борбор калаанын "Орто-Сай" базарында 20 соода жайы алынып, кожоюндарына мыйзам бузгандыктары түшүндүрүлдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рейд негизинен тротуарда, жол жээктерин жайма базарга айлантып жибергендер үчүн уюштурулуп жатканы айтылды.

Маалыматта Юнусалиев, Сүйөркулов жана Безымянная көчөлөрү, андан сырткары, №11, №6 кичи райондордун ортосундагы базарлар текшерүүгө алынганы кабарланды.

Мэрия шаардыктарды соода эрежелери менен борбор калаанын аймагына жарнама илүү эрежесин бекем сактоону өтүнгөн.

Үй бузуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия жол курууга тоскоол болгон үйлөрдүн тосмолорун түрттүрүп салды. Сүрөт
Калаа бийлиги "Эреже бузуулар" кодексинин 120-беренесин мисалга келтирип, эскертүү берген. Анда автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу же сындыруу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзү билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузган учурда айып пул салынары айтылган. Мыйзам бузууга канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык сууларды жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, жолдо, көчөдө тоскоолдуктарды түзүү да кирери айтылган.

Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруп алса да айып пул салынат. Анын көлөмү жеке жарандар үчүн — 3000 сом, ал эми юридикалык тарап үчүн — 13 миң сом болору айтылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0