Маселе болсо кайрылып тургула. ТИМ чет жактагы жарандар үчүн атайын номер ачты

© Sputnik / Эмиль СадыровЗдание Министерства иностранных дел КР в Бишкеке
Здание Министерства иностранных дел КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ + 996 551 312 000 номери менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын укугун коргоого, консультациялык маалыматтарды берүүгө аракет кылат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жарандардын кайрылуулары үчүн мессенджерлердин атайын номерлерин ачып, "Тынымсыз телефон" линиясын уюштурду. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тышкы иштер министрлиги, Консулдук кызмат департаменти интернеттин WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber социалдык тармактары аркылуу атайын "Тынымсыз телефон" байланышы иштеп жаткандыгын эске салат. Анын номери: +996 551 312 000", — деп айтылат маалыматта.

Взрыв у здания РОВД в Сунженском районе Чечни - Sputnik Кыргызстан
Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты
"Тынымсыз телефон" байланышы Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын укугун жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого, консультациялык маалыматтарды берүүгө багытталган.

"Андан сырткары, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн консулдук ишмердүүлүгү тууралуу пикирлерди (тексттик, үн, фото жана видео билдирүүлөр аркылуу) күнү-түнү кабыл алуу максатында ишке ашырылууда", — деп билдиришти ТИМден.

Бул аталган ведомствонун мындай жааттагы биринчи кадамы.

Жаңылыктар түрмөгү
0