Бишкектин бир топ жеринде 1-октябрда суу болбойт. Тизме

© AFP / VOISHMELКрандан суу алып жаткан адам. Архив
Крандан суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү суусу өчүрүлгөн бала бакчалар жана мектептер иштебейт. Ал эми ооруканалар менен төрөт үйлөрү элге адаттагыдай эле кызмат көрсөтөт. Чукул кырдаалдар үчүн медициналык жайларда суу запасы дайындалат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 1-октябрь күнү Бишкектин айрым аймактарында суу топтомо жайларындагы ремонт иштерине байланыштуу таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Саат 9.00дөн 17.00гө чейин "Тоголок Молдо" суу топтомо жайындагы жана шаар ичиндеги түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу Логвиненко, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси жана темир жолдун ортосундагы аймакта таза суу болбойт", — деп айтылат бидирүүдө.

Суусуз калчу объектилер:

  • №70 мектеп-гимназиясы;
  • №47, №115, №184 бала бакчалар;
  • №6 төрөт үйү;
  • "Билим Кенчи", "Абитуриент плюс" жеке мектептери;
  • Бишкек техникалык колледжи;
  • №1 стоматологиялык бейтапканасы;
  • Асаналиев атындагы Тоо-кен институту;
  • "Бета-Сторес 1" соода борбору;
  • Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Улуттук госпиталь;
  • "Пром Проект" ААКсы;
  • Ардагерлер бейтапканасы;
  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • "Кыргызпочтасы" ишканасы;
  • БУУ үйү;
  • Тез жардам кызматы;
  • Транспорт департаменти;
  • Кыргыз коммерциялык банкы;
  • "Россия" кинотеатры;
  • "Территория SPA" салону;
  • "Алтын-Түйүн" балдар академиясы;
  • "Развивайка" билим берүү борбору;
  • "Карамель" кондитердик ишканасы;
  • "Тур – Азия" мейманканасы;
  • Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернаты;
  • Бишкек медициналык колледжи (жатакана);
  • Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борбору;

Бул күнү суусу өчүрүлгөн бала бакчалар жана мектептер иштебейт. Ал эми ооруканалар менен төрөт үйлөрү элге адаттагыдай эле кызмат көрсөтөт. Чукул кырдаалдар үчүн медициналык жайларда суу запасы дайындалганы айтылды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0