Россиянын КРдеги элчилиги Малаховдун сөзүнө жооп кайтарды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРоссиялык алып баруучу Андрей Малахов. Архив
Россиялык алып баруучу Андрей Малахов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактын колдонуучулары maLOHov хештеги менен ага наалат айткан билдирүүлөрдү жазышууда. Көпчүлүк алып баруучу бүтүндөй кыргыз элинин намысына шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылышууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Facebook баракчасы аркылуу теле алып баруучу Андрей Малаховдун кыргызстандык таксист тууралуу айткандары боюнча билдирүү таратты.

"Малахов —  күндүн каарманы эмес! Теле алып баруучу Андрей Малаховдун айткандары боюнча бир эле нерсени билдирүүгө болот: адамды таарынтуу оңой, бирок муну менен жашоо кыйын. Андан да жаманы - бүткүл элди кемсинтүү", — деп жазылган маалыматта.

Элчиликтин мындай позициясына кыргызстандыктар ыраазычылык билдирген комментарийлерди жазышууда.

XII ежегодная конференция Медиабизнес в Москве - Sputnik Кыргызстан
Instagram жарылып кетейин деди. Малаховдун Димаштан кечирим сураган видеосу
Эске салсак, 8-июлга караган түнү россиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов жол кырсыгына кабылып, каза тапкан. Ал мотоцикл менен катуу ылдамдыкта бара жатып кыргызстандык таксисттин унаасына урунган. Анын кесепетинен эки унаа тең күйүп кеткен. Мотоциклист ооруканада жан берсе, таксист олуттуу жаракат алган. Кыргызстандык жигит 9-июлда камакка алынган. Ал Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмү ("Этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы") боюнча айыпталууда. Бул берене боюнча айыпталгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Россия 1" каналынын "Прямой эфир" программасынын алып баруучусу Андрей Малахов Маруговдун өлүмү боюнча берүү даярдаган. Ал программа учурунда таксист бирөөнүн буйрутмасы менен атайылап кылмышка барышы мүмкүндүгүн божомолдогон.

"Рулда 23 жаштагы кайдагы бир мурдун тарта албаган бала болгон. Ал башка мамлекеттен келип, бир нече айдан бери такси кызматында иштеп жүрүптүр. Ага бирөө 100 миң доллар берсе үй-бүлөсүн, туугандарын, бүтүндөй айылын бактылуу кыла алат. Мындай акчаны алар өмүр бою иштеп таба албайт да, себеби айлыктары 10 доллар", — деп Малахов сүйлөгөн.

Берүү YouTube-каналына чыккандан кийин алып баруучу катуу сынга кабылды. Соцтармактын колдонуучулары maLOHov хештеги менен ага наалат айткан билдирүүлөрдү жазышууда. Көпчүлүк алып баруучу бүтүндөй кыргыз элинин намысына шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылышууда.

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Колуна баңги зат кармап алып, Жээнбековду мазактап, тилдеген киши кармалды
Белгилей кетчү жагдай, маркум Александр Маруговдун энеси дагы аталган берүүгө катышкан. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү айдоочунун туугандарынын, элчиликтин жана диаспоранын атынан ага көңүл айтып, кечирим сураган. Аял өз учурунда таарынычы жок экенин билдирген.

"Мен кечирдим. Баарын кудай таразалайт. Ошондуктан бирөөнү күнөөлөөгө акым жок", — деди маркумдун энеси.

Ал ошондой эле кыргызстандык жигиттин туугандарына анын таарынычы жок экенин жеткирип коюуну суранган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0