Бабанов Кыргызстандан эмнеге чыгып кеткенин түшүндүрүп берди

© Фото / пресс-служба ЖК"Республика-Ата-журт" партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Бабанов. Архив
Республика-Ата-журт партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Бабанов жеке иштери менен чет жакка учуп кеткендигин жана Кыргызстанга кайтып келерин кабарлаган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Бабанов Москвага чыгып кеткен себебин түшүндүрүп, аны Facebook тармагындагы аккаунтуна жазды.

Эске салсак, Бабановдун Москва шаарына учуп кеткендигин УКМК тастыктап, ал күбө катары суралып жаткандыктан сыртка чыгууга укугу бар экенин билдирген.

Бабанов анын кыймыл-аракетине кызыгып, көз салып тургандарга ыраазылыгын билдирип, рахматын айткан.

"Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эл аралык да каттамдарга чыгууну талап кылат. Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем. Ал эми менин кыймылыма чектөө жок", — деп жазган ал.

Саясатчы Кыргызстанга кайра келерин да айткан.

"Өз иштерим менен учуп кеткем, анан, албетте, өз мекеним Кыргызстаныма келем!", — деген Бабанов.

ЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бийлик менен сүйлөшүп алып келдиби? Өмүрбек Бабанов кайтышы тууралуу
Эске салсак, Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кийин ал чечиминен кайра баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары тосуп алган. Ал эми УКМК аны үч ирет күбө катары суракка чакырган. Саясатчы журналисттерге тергөөчүлөр Он-Адырдан башка иштер боюнча дагы суракка алганын билдирген. Бирок ал эмне болгон иштер экени ачыкталган эмес.

Бабанов Финполго дагы бир нече ирет сурак берип чыккан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0