Турмуш дудукту да кол жаңсатып сүйлөтөт! Рамис Рыскуловдун нускасы

© Фото / пресс-служба Бишкекского горкенеша (БГК)Народный поэт КР Рамис Рыскулов
Народный поэт КР Рамис Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Рамис Рыскуловдун кеп казынасын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусуна караштуу Москва районунун Кызыл-Туу айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москвадагы Борбордук комитетке караштуу комсомол мектебине тапшырган. Ал жакта эки жыл окуган соң Максим Горький атындагы бүткүл союздук адабият институтуна өткөн.

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан
Багы жок элдин баатыры көп! Салижан Жигитовдун кеп казынасы
Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Кийин "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары "Ала-Too" журналында эмгектенген.

Биринчи ырлар жыйнагы "Жаз" деп аталат. Ал 1959-жылы жарык көргөн. Рамис Рыскулов ак ыры менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан. Ак ыр — саптары бири-бирине уйкашпаган ыр формасы.

Рамис Рыскуловдун учкул кептери:

Тур, уйкудан көзүңдү ач!
Турмуш менен алга бас!
Туш-тараптан жүр-жүр деп,
Турмуш сени алдабас.

Алаксытып арсыз сөзү,
Абайлабай айтат сөздү.
Турмуш сени жаңылтса да
Туюк жолду ачат өзү.

Ачат жаңы ааламдарды,
Жасайт жаңы адамдарды.
Учкаштырып ышкырылат
Адамдарды, замандарды.

***

Турмуш өзү алыс сапар,
Жол чегүүбү, билбеймин.
Бийик аскар көз жетпеген,
Бел ашуубу, билбеймин.

Айтып берчи турмуш сырын,
Баяндачы угайын.
Миң бир түркүн сырларыңан,
Даам татып куунайын.

***

Чындыктын чытырмандуу чыйырлары,
Чынынан чыйрыктырып ойго салды.
О дүйнө, кайда минип баратасың,
Токунуп токтоо билбес толкундарды.

***

Турмуш дудукту да колун жаңсатып сүйлөтөт. Чолокту да чолоңдотуп, бир жакка шаштырып жүрөт.

***

Кээде биз кудум эле айнектен чыгалбай дыңылдап жаткан аарыга окшоп, жөнөкөй тоскоолдукту да жеңе албайбыз.

***

Саясат дегениң асмандагы булуттай тез-тез удургуп, өзгөрүп турат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0